Мындай пикирин БШКнын мүчөсү Жеңишбек Акматов “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Ал парламенттик шайлоодо саясий партияларды аймактардан 0,5% алууга милдеттендирилген босого тууралуу мыйзам кайрадан иштелип чыгуусу зарыл деп эсептейт. “БШКнын жетекчисинин чечкинсиздигинен жана өз ишин жакшы билбегендигинен улам бул маселе каралбай атат. Ар бир облустан 13,5 миң добуш алуу чындыкка туура келбейт, анткени облустардагы шайлоочулардын саны бирдей эмес,”-дейт БШКнын мүчөсү.
Шайлоочулардын саны эң көп деп эсептелген Ош облусунда 482 миң шайлоочу бар. Ал эми Таластагы шайлоочулардын саны 23 миң. (ZKo)
Шайлоочулардын саны эң көп деп эсептелген Ош облусунда 482 миң шайлоочу бар. Ал эми Таластагы шайлоочулардын саны 23 миң. (ZKo)