Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

БЕЛГИЯДА БЕШ АЙДАН БЕРИ ӨКМӨТ ТҮЗҮЛӨ ЭЛЕК


Белгияда быйыл парламенттик шайлоо 10-июлда болгон. Ошондон бери өкмөт түзүлө элек. Буга француз жана нидерланд тилдүү жамааттар ортосундагы келишкис карама-каршылыктар себеп болду. Өкмөт түзүү үчүн мунасага келүүнүн акыркы мөөнөтү кечээ бүттү. 150 күндөн бери уланып келаткан саясий бу кризис чечилбесе, анда байкоочулар Белгия экиге бөлүнүп кетиши мүмкүн дешет.

Белгиялык саясий илимпоз Штефан Валграве өткөн аптада Рейтерге берген интервьюсунда валлониялык жана фландриялык саясатчылардын талашы кандай абалга жетип калганын көрсөтүү үчүн 7-ноябрга белгиленген акыркы мөөнөттүн өзүн тигил же бул мааниде “согуш жарыялоо” ишаарасы деп атаган эле. Эгер тараптар бир чечимге келе албаса,анда өлкөнүн экиге бөлүнүү коркунучу толук реалдуу ишке айланат, деп эскертти ал.

Белгиянын түштүгүн француз тилдүү, ал эми түндүгүн голланд тилдүү калк байырлайт. Ар биринин өзүнчө парламенти, өз тилинде мектептери жана маалымат каражаттары бар. Түштүктөгүлөр – валлониялыктар түпкү теги жагынан кельттердин тукуму эсептелинет, түндүктөгүлөр – фландриялыктар илгерки саксондордун жана башка көөнө уруулардын урпактары делинет.

Эки аймактын айрымачылыгы 1830-жылы – азыркы Белгия түзүлгөн кезден бери сакталып келатат. Мындан он жылдай мурда - 1988-жылдагы шайлоодон кийин да өлкөдө 148 күндөн кийин барып федералдык өкмөт түзүлгөн эле. Бул жолку аразга Фландриянын мурдагы өкмөт башчысы Ив Летермдин конституциялык реформа өткөрүп, түндүктөгү регионго автономиялык кеңири укуктарды берүү сунушу себеп болду. Ал ошондой эле фламанддардан алынган салыктардын эсебинен түштүктөгү жакыр валлондорду каржылоо ишин токтотуу талабын койгон эле.

Летермдин бул сунуштары валлониялык саясатчылардын куйкасын куруштурду. Натыйжада алар федералдык коалицияга киргенден баш тартышты. Белгиянын падышасы Алберт II жайдагы парламенттик шайлоодон бери фландриялык саясатчыларга эки ирет өкмөт түзүү мандатын тапшырды. Бирок алардан майнап чыккан жок. Акырында августта падышадан ушундай мандат алган Летерм парламенттеги партиялар менен мунаса таба албай койду. Өкмөт түзүүнүн акыркы мөөнөтү кечээ күнгө белгиленген эле. Брюсселден алынган маалыматтарда валлониялык депутаттар сүйлөшүү үстөлүнө отурбай коюшту.

Эгер Белгия экиге бөлүнсө, анын түндүгү – Фландрия Европадагы эң бай, ал эми түштүгү – Валлония эң жакыр өлкөгө айланат дешет. Бирок экөө тең Евросоюзга мүчө болуу үчүн кайра баштан тийиштүү процедуралардан өтүүгө тийиш болот.

Эң башкысы – Брюсселдин тагдыры кандай болору белгисиз. Брюссел Белгиянын эле эмес, иш жүзүндө Евросоюздун, НАТОнун жана башка дүйнөлүк уюмдардын да борбору саналат. Андыктан өлкөнүн экиге бөлүнүп, бөлчөктөнүп кетишине бул уюмдар унчукпай карап отура албай турганы калетсиз.

XS
SM
MD
LG