Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

ТАРТЫШТУУ 0,5 % ЧЕГИ ЭМНЕГЕ АЛЫП БАРАТ?


Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого камынып жатышкан саясий партияларды топтоп, Шайлоо кодексинин жаңы редакциясындагы бир катар беренелер боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Талкуу кызуу жүрүп, кодекстеги 0,5 пайыздык чек катуу талаш-тартыштарды жаратты. Бир катар БШК мүчөлөрү 0,5 пайыздык чек өлкөдөгү жалпы шайлоочулардын тизмесинен алынышы керектигин, кодексте ушундай жазылганын айтышса, партия өкүлдөрү бийлик мындай жол менен айрым партияларды шайлоодо жыдытуу кадамына баратат дешет.

БШКнын атайын уюштурулган семинарына чогулган саясий партиялардын бир тобу Шайлоо кодексиндеги айрым беренелердин бурмаланганын, БШКнын начар иштеп жатканын айтып нааразы болушту. Негизги талаш-тартышты жараткан маселе, кодекстеги 77-берене болду. БШКнын бир катар мүчөлөрү жаңы шайлоо кодексинде парламентке баргысы келген партиялар ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан өлкөдөгү шайлоочулардын 0,5 % добушун камсыз кылышы керектигин айтышса, партия өкүлдөрү муну аша чапкандык, оппозициядагы партияларды жыдытуу кадамы катары баалап жатышат. Мындай учурда партиялар ар бир облустан он үч миңден ашуун добуш камсыз кылуулары керек болот. БШК мүчөсү Көкүмбай Турусбеков бул тууралуу мындай дейт.

- Ар бир саясий партия өзү Кыргызстандын жоопкерчилигин мойнуна алып аткандан кийин, Бишкек, Ош шаарларынан, региондордон 0,5 пайыз алганга милдеттүү. Тигил жерде ачык жазылып турат, шайлоого кирген, шайлоочулардын тизмесинен эсептелет деп. Шайлоочулардын тизмеси менимче жалпы Кыргызстан боюнча эсептелиш керек.

Анткен менен БШКнын дагы бир мүчөсү Жеңиш Акматов окуянын мындай өнүгүшүнө каршы. Анын айтымында 0,5 %ды партиялар ар бир региондун элинин санына жараша алышы керек эле. Бирок, референдумга бир жума калганда президенттин жардыгы менен кодекске өзгөртүүлөр киргизилип, жалпы тизме боюнча ар бир региондон 0,5 % алуу керек дегендей абал жаралган. Жеңиш Досматов, муну айрым партияларды оюндан чыгаруу аргасы катары баалап жатат. Бул тууралуу “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев мындай дейт:

- Кыргызстан өзү бир гана чөлкөм, округ. Ошол 0,5 пайызы, 2,7 миллион калктын санын алсак анда 13,5 миң болот экен. Булардын кээ бири эми айтып атышат, ошол 13,5 миңди Таластан дагы, Нарындан дагы алыш керек деп. Таласта болсо 120 миң шайлоочу бар деп жүрөт. Ошону 13,5 миңге бөлсөңүз, анда сегиз партияга гана туура келип калат калк саны. Ошондуктан бул жери тап-такыр туура эмес.

Андан тышкары партиялар БШКнын иши өтө чабал экендигин айтып, нааразы болушту. “Ата мекен” партиясынын өкүлү Чолпон Жакупованын айтымында, БШК 0,5 % чеги менен башка партияларга бут тосуу аракетин гана кылбастан, өз ишин учурунда аткарбай жатат:

- БШК календардык планды 25 же 26сында эле бекитилген экен. Ошол календардык пландын теңи азыркыга чейин аткарылбай атат. Ушул убакка чейин каттоо бланктарын, формасын бекитпей атышат. «Ата мекен» партиясы мына курултайыбызды өткөрдүк. Тизмебиз такталды. Эми эртең ошол тизмени кандай форма менен беребиз. Эртең биздин партиянын тизмесин албай, дагы бир нерсе ойлоп табышса, ачык эле айтайын, сотко чейин барабыз.

XS
SM
MD
LG