Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

ФЕЛИКС КУЛОВ: ШАЙЛООДО БУРМАЛОО БОЛСО, ЭЛ ТОЛКУШУ МҮМКҮН


Мурдагы премьер-министр, «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов бүгүн массалык маалымат каражаттарына билдирүү менен чыгып сүйлөдү. Ал шайлоо кодексине партиялар аймактардан 0,5 пайыз добуш алышы керек деген чек киргизилиши конституцияга каршы келээрин белгилеп, учурда өлкөдө Конституциялык сот жана мыйзам чыгаруу бутагы иштебей тургандыгын, мындай шартта шайлоонун демократиялык өтүшү чоң күмөн туудурарын баса белгиледи. Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү Феликс Куловдун мындай пикирлерине макул эмес.

Феликс Кулов бул билдирүүсүндө алгач азыр өлкөдө кырдаалды тартипке салуу үчүн эч ким чара көрбөй жатканын, парламент таратылып, Конституциялык сот иштебей, бийликте кандайдыр бир боштук түзүлгөнүн белгиледи:

- Бизде азыр уникалдуу, бир кызык кырдаал түзүлдү. Парламент таратылды, Конституциялык сот иштебейт, өкмөт убактылуу. Өлкөдө бийлик вакууму түзүлдү. Мындай кырдаал 24-мартта да болгон эмес. Мындай шартта алдыдагы шайлоодон эмнени күтсөк болот?..

«Ар-намыс» партиясынын төрагасы ошондой эле саясий партиялар аймактардан 0,5 пайыз добуш алышы керек деген чек коюлушу талаштуу маселе болуп жатканын, экинчиден, бул коюлган чек Конституцияга жана Шайлоо кодексинин өзүнө каршы келет деген пикирин айтты:

- Биздин көз карашыбызда 0,5 пайыз деген чектин киргизилиши конституцияга каршы келет. Баш мыйзамга ылайык 90 депутат партиялык тизме менен облустардан эмес жалпы республика боюнча шайланат. Бул үчүн республика боюнча бирдиктүү округ түзүлөт. Шайлоо кодексиндеги ушул бирдиктүү округ деген түшүнүк 0,5 пайыз деген чекке каршы келип, анын принциптери бузулуп жатат. Демек 0,5 пайыздын киргизилиши менен ар бир облус дагы өзүнчө бир округ болуп калгандай болуп жатпайбы…

Мындан сырткары Феликс Кулов айрыкча сыртта жүргөн кыргызстандыктардын добушу аймактык көрсөткүч боюнча кандай эсептелээри дагы ачыкталбаган маселе бойдон турганын белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков Феликс Куловдун 0,5 пайыздык чек баш мыйзамга каршы келет дегенине кошулбайт:

- Бул бардык жагынан туура келет. Себеби ар бир саясий партия өз талапкерлерин коюп аткандан кийин ар бир аймактан шайлоо тизмесине киргендердин 0,5 пайыз добушун албаса, ал партия жалпы Кыргызстандын атынан чыкканга акысы жок го деп ойлойм.

Маалымат жыйынында Феликс Кулов алдыдагы парламенттик шайлоо учурунда өлкө түштүгүндө добуштарды жапырт бурмалоого даярдык болуп жатканы тууралуу расмий эмес булактардан маалымат алганын айтып, мындайга жол берилсе аймактарда элдик толкундоолор чыгып кетиши мүмкүндүгүн эскертти.

Бирок ошол эле учурда БШКнын дагы бир мүчөсү Жылдыз Жолдошева эч кандай бурмалоо болбостугун айтат:

- Эч кандай бурмалоо болбойт. Кодекс аябай демократиялуу, жакшы жазылган. Ар бир партия ар бир участокко байкоочуларын коюшсун…

Феликс Кулов ошондой эле жогоруда айтылган эреже-талаптардын канчалык мыйзамдуу экенин Конституциялык Сот үч мүчөсүнүн ыйгарым укуктары тарап кеткен парламент тарабынан токтотулгандыгына негиздеп, тактап берүүдөн баш тартып жатканын билдирди. Ушундан улам «Ар-намыс» жана башка партиялар шайлоо боюнча жаңы эреже-тартиптердин карама-каршылыгын чечип беришин же Конституциялык сотту иштөөгө милдеттендиришин талап кылып, президентке кайрылышмакчы.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG