Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

"КУТ" ПАРТИЯСЫ ШАЙЛООДО ЭРКЕБАЕВДИН "ТАЗА КООМ" ПАРТИЯСЫН КОЛДОЙТ


Мурунку бийлик тушунда жалаң чоң кызматтарды аркалаган Болот Жанузаковдун «Кут» партиясы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин экс-спикери Абдыганы Эркебаев башкарган «Таза коом» саясий уюмун колдой тургандыгын жарыя кылды.

Кеңсеси Ош шаарында жайланышкан «Кут» партиясынын түштүк бөлүмүнүн лидери Аманбай Сатибаев Президент Бакиев шайлоону чукул жарыялагандыктан, ага катышуу үчүн БШКга документтерин тапшырууга үлгүрбөй калышкандыгын, ошентсе да, Саясий Кеңеш мүчөлөрү акылдашып олтуруп акыры «Таза коом» уюмун колдоого токтолушкандыгын «Азаттыкка» билдирди:

- Региондордогу адамдардан жыйнай албаганынын эсебинен көп партиялар каттоодон өткөнгө дагы үлгүрбөй калышты. Биздин “Кут” партиясы “Таза коом” партиясын колдосок деген ой келди. Таза коом болушун биз дагы, алар дагы, башкалар дагы каалайт. Биз таза шайлоо өткөргөнгө бийликти керек болсо мажбурлашыбыз керек, - дейт Аманбай Сатибаев.

Ушундан улам «Таза коом» партиясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен телефон аркылуу байланышып, «Ашынган акаевчил деген партияны канатыңызга калкалап жатыпсыз. Эмне, электоратына кызыктыңызбы? Муну менен калктын кыжырына тийип албайсыздарбы?» деп сурадык.

- Шайлоого катышпай турган чечим кабыл алышкан партиялардын айрым мүчөлөрү, жетекчилери, активисттери, сиздердин партиянын аты, жолу жакшы экен, сиздерге кошулсак болобу деп бизге кайрылып атышат. Мен айтып атам жол ачык, анткени комиссия жол берет деп. Алар партиясынан чыгып бизге кирсе болот. Себеби баары эле ошондой кылып атышат. Ошонун ичинде “Кут” партиясынан дагы кайрылуулар болуп атат. Жалгыз гана биздин каалообуз шектүү иштерге аралашпаган, аты-жөнү таза адамдар болуш керек, - деп жооп кайтарды Абдыганы Эркебаев.

Ошол эле учурда «Ак жол» партиясынын Оштогу штабынын жетекчиси Кубаныч Исаков жаңы түзүлгөн уюм дарегине айтылган сын-пикирлерге кошулган жок, бирок, алдыдагы шайлоодо административдик ресурстар зарылчылыкка жараша пайдаланылаарын «Азаттыкка» маалымдады.

- Ар кандай сөздөр айтылып атат. Бирок административдик одоно мыйзам бузуулар болбойт. Биз жактан кандайдыр бир муктажга ылайык жардам болушу ыктымал, - деди Кубаныч Исаков.

«Таза коом» партиясынын курултайы 11-ноябрда Бишкекте өткөрүлөт. Ага өздөрүнүн делегаттарынан тышкары санаалаш уюмдардан да өкүлдөр катышып, Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлердин тизмеси бекитилет. Партия лидери Абдыганы Эркебаевдин айтымында, «Таза коомго» кошулган, же колдогон айрым партиялардын жолбашчылары да тизмеге илиниши ыктымал.

XS
SM
MD
LG