Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

СААКАШВИЛИ ШАХМАТТЫК ЖҮРҮШ ЖАСАДЫ


Грузияда 15 күнгө өзгөчө кырдаал абалы киргизелгенден 1 күн өтпөй президент Саакашвилинин президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда 2008- жылдын 5- январыда өткөрүү жөнүндөгү жарлыгы чыкты. Калк президентти шайлоого катар парламенттик шайлоону жазда же күздө өткөрүү боюнча да пикирлерин билдирет. Бирок, алты күн уланган демонстрацияны күч менен басуу жана жарандардын укуктарын чектөө Саакашвилини демократиячыл деп колдоп жүргөн Батыш коомчулугуна да жаккан жок. Адам укугун коргоочу Фридом Хаус уюму болсо демократиянын негиздерине каршы деп, чукул кырдаал абалын токтотууга үндөдү.

Михаил Саакашивли президенттик шайлоо 5- январда өтсүн, парламенттик шайлоонун мөөнөтүн референдумда эл өзү аныктaсын деп чечип, оппозициянын негизги талаптарын аткарды. Вашингтон президент Саакашвилинин бул кадамын колдоп, бирок чукул кырдаал абалын алып салууга чакырды.

-Кошмо Штаттары Грузия өкмөтүнүн кезексиз президенттик шайлоо жана парламенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча референдум өткөрүү чечимин колдойт. Ошол эле убакта Грузия бийлигин өзгөчө кырдаал абалын токтотууга жана бардык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө жол ачууга чакырабыз. Булар шайлоо жана референдумдун эркин өтүүсүнө зарыл шарттар,-деп билдирди Мамдепартаменттин өкүлү Син МакКормак.

7- ноябрда Тбилисиде тынч демонстрацияга чыккан миңдеген адамдарга каршы күч колдонуу, «Имеди”, “Кавкасия”, “Рустави” телеканалдарын жабуу, демонстрация- митингдерге тыйуу салуу- грузиялыктар түгүл Батыш коомчулугу үчүн да жаакка чапкандай иш болду жана Саакашили мурда убада бергендей демократияны бекем тутабы же оппозиция ырастагандай “авторитардык бийликке” баратабы деген шектенүүнү пайда кылды жаратты.

Эларалык Хьюман Райтс Уоч уюму демонстранттарга каршы күч колдонууну айыптады. “Кризистик жагдайда да грузиялыктар полициянын ур- токмогусуз эле тынч демонстрация өткөрүүгө укуктуу. Тынч демонстрациянын катышуучуларына желим ок атуу- бул бейчеки күч колдонуу. Өкмөт кризис болгону үчүн эле негизги эркиндиктерди чектей албайт”, деп айтылат Хьюман Райтс Уочтун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Холли Картнердин кайрылуусунда.

“France-24” телеканалынын талдоочусу Роберт Парсондун пикиринче, Грузияда демократия орнотулбаганы үчүн Саакашвилини күнөөлөп болбойт:

-Биринчиден, алты күн бою токтобогон демонстрация ордо шаарда унаанын ырааттуу иштөөсүнө тоскоол болгон жагдай ар кайсы өкмөттүн башына келчү иш жана жолду тазалоого акылуу. Экинчиден, өкмөт кандай чара көрдү деген суроо туулат. Бул окуяда бир аз катаал чара колдонулду көрүнөт.

Соңку окуялар Грузиянын НАТОго кошулуу планына тоскоол болушу ыктымал. НАТОнун башкатчысы Скеффер:“Аяльянсты өтө интенсивдүү диалог жүргүзүп жаткан өнөктөшү Грузияда өзгөчө кырдаал абалын киргизүү жана маалымат каражаттарын жабуу өзгөчө тынчсыздантат жана бул евроаталантикалык баалуулуктарга каршы келет”, деп эскертти. Ушундай эле тынчсыздануусун Евробримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана да билдирди.

XS
SM
MD
LG