Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:21

ЭМИЛ АЛИЕВ: БШК ТҮРКҮН ШЫЛТОО МЕНЕН ТОСКООЛДУК КЫЛУУДА


“Ар-намыс” партиясы бүгүн курултай өткөзүп, шайлоодо депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин кабыл алат. “Азаттыктын” таңкы уктурууларында партиянын төрагасынын орун басары Эмил Алиев шайлоого даярдык жөнүндө ой бөлүштү.

- Бүгүнкү курултайда кандай маселелер каралат?

- Курултайда бир эле маселе каралат. Биз Жогорку Кеңешке көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитебиз.

- Канча талапкер көрсөтүлөт?

- Биз 100 кишини көрсөтөлү деп атабыз. Буга чейин саясий кеңештен жана облустагы лидерлердин баарын чакырып, алар менен кеңешебиз.

- Салыштырмалуу эски партиялардан болгон “Ар намыс” канча добуш алууну болжоп турат өзү?

- Биздин өзүбүздүн планыбыз боюнча 15-20 пайыз орунду ээлеп калышыбыз керек.

- Фальcификацияга жол бербеш үчүн кандай чара көрүп жатасыздар?

- Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнө мыйзам чыгаруу палатанын, же Конституциялык соттун ролун алып туруп, азыр 15 түрлүү улуттар кириши керек тизмеге деп атат. Кыргызстанда 80 түрлүү улут жашайт, ошонун 15ин киргизиш керек деп талап коюп атат. Ушулар бизге тоскоол кылуу жолдору болуш керек. Ар кандай 0,5 пайызды Бишкектин, же Кыргызстандын тизмесинен алышыңар керек деп улам-улам жаны нерселерди ойлоп таап атышат. Ошондой эле кечээден баштап биз счет ачып, ошол счетко акчаны которолу десек, ал акчаны албай атат бири-бирине шылтоолоп.

-Фальсификация коркунуч тууралуу кыйкыргандар алдын ала жеңилээрин билип алып, ошого ыңгайлуу себептерди издеп жатат деген сөздөр да жок эмес. Буга кандай жооп бересиз?

- Биз ага даярдык көрүп атабыз. Мисалы “Ата мекен” жана башка партиялар менен биз саясий келишим түзүп туруп, байкоочуларды чогуу киргизебиз. Кайсы жерден биздин күчүбүз жетпей калса алардан жардам сурап, Кыргызстандын бардык аймагына байкоочуларды отургузуп, аларды үйрөтүп, алардын каражат менен камсыз кылууга аракет кылып атабыз.

- Ушул жагы менен тоскоолдук кылууга арга көрүп жатат экенсиздер да?

- Ал гана эмес, биз мисалы мыйзамдарды тактап туруп, кайсы жерде кандай болот деп ар бир участкада биздин мүчөлөрдү отургузалы деп атабыз партиянын атынан. Элдер менен иштеп, алардын арасында түшүндүрмө иштерди жүргүзүп атабыз. Шайлоого барбасаңар силердин добушуңарды уурдап кетет деп үгүттөп атабыз.

-“Ата мекен” менен кызматташуу жөнүндө айтып калдыңыз. Эмне себептен “Ар намыс” “Ата мекен” менен “Ак шумкардын” биригүүсүнө кошулган жок? Кошушкан жокпу, же башка себеп барбы?

- Сөзсүз эле кошулуш керек эмес. Биздин эң негизги саясат мындай болгон. Жумуртканын баарын бир корзинага салбайлы дегенбиз. “Ата Мекенди” же “Ар Намысты” бийлик сөзсүз шайлоодон жыгып коелу деп атат. Жок дегенде бир оппозициялык маанайдагы партия калып калат деген саясат менен эки партия менен шайлоого баралы деген чечимге келдик.

- Парламент шайлоо алдында бизде Кыргызстанда Казакстан варианты мүмкүн эмес деген сөз чыккан эле. Азыркы мезгилде кээ бир саясатчылар кайталанышы ыктымалдыгы тууралу айта баштады аз гана айырмачылык менен. Сиздин көз карашыңыз?

- Казакстандын варианты өтпөйт, себеби стабилдүү экономикасы бар, социалдык программасын жакшы жүргүзүп атат. Кыргыздарда демократиядан башка эч нерсе калган жок. Эгерде ошону да биздин колубуздан тартып алса, анда башка айла жок. Эл ачык эле айтып атат биз көчөгө чыгабыз деп. Биз көчөдөн көрө парламенттин ичинен дисскуссия жүргүзүп, Кыргызстанды жакшылыкка алып баралы деп атабыз.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG