Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:36

ТҮРКИЯ ТҮНДҮК ИРАКТАГЫ КҮРТ ЖИКЧИЛДЕРИН ТАЛКАЛООГО ЧЕЧКИНДҮҮ ТУРАТ


Түркияда ПКК жикчил тобуна каршы чегаранын аркы жагында аскердик операция уюштуруу маселеси премьер-министр Эрдогандын Рим шаарындагы сүйлөшүүлөрүндө башкы маселе болду.

Дүйшөмбү күнү Вашингтондо АКШнын президенти Жорж Буш менен жолугушуп, Түндүк Ирактагы тоолу аймактарда базаланган ПКК жикчил тобуна каршы биргелешкен күрөш жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкууга алган Режеп Эрдоган мурда күнү ырасмий сапар менен Италияда саякатта болгон учурунда, Түркия ПККны талкалоого чечкиндүү экенин дагы бир жолу кайталады. Вашингтондун, ПКК тууралуу “ишке жарамдуу чалгындоо маалыматтарды” Түрк тарапка такай берип туруу жөнүндөгү убадасын алган Эрдоган Рим шаарында премьер-министр Романо Проди жана башка жетекчилер менен жолукту.

“Биз чегаранын аркы жагындагы террорист лагерлерин талкалаштын камын көрөбүз. Муну жасап олтуруп биз эч качан карапайым адамдарды бутага албайбыз жана биздин операция планыбызда эч кандай бир карапайым бута жок”,- деп айтты Эрдоган. Ал Европа биримдигинин ПККны террорчул уюмдардын тизмесине каттаганын эске салып, биримдике мүчө өлкөлөрдү терроризмге каршы күрөштө ак ниеттүү боло албагандыктарын сынга алды.

“Отуз жылдан бери сабыр кылып келатабыз. Тилеке каршы отуз-миң жараныбыз террорго курман кетти. Бирок эми чыдагыдай алыбыз калган жок”,- деп баса белгиледи Түркиянын өкмөт башчысы Эрдоган мырза.

Италиялык кесиптеши Романо Проди болсо, ПККнын улам ырбап бараткан провокацияларынын маңдайында Түркия көргөзүп келаткан чыдамдуулукту мактап, өлкөсү Анкара менен чалгындоо маалыматтарын алмаша турганын билдирди.

Октябрдын башында түштүк чыгыштагы Шырнак вилаятынын Даглыжа кыштагында ПКК койгон буктурмада 12 аскер өлүп, сегизи туткунда калган. Эл ичине чоктой түшкөн бул кабардан кийин өкмөт чегаранын аркы жагында аскердик операция жасоо боюнча парламентке мандат сурап кайрылган. 17-октябрда парламент өкмөттүн талабын канаттандырган, бирок өкмөт эл-аралык коомчулуктун, баарынан мурда АКШ менен ЕБнин колдоосуна ээ болуш максатында ушу күнгө чейин Түндүк Иракка аскер жиберүүдөн карманып келди.

Ушул арада, АКШ жана Ирак өкмөтүнүн кийлигишүүлөрүнүн натыйжасында кармалып кеткен 8 аскер бошотулуп жиберилди. Аскерлерди күрттөрдүн ДТП партиясынын 3 депутаты Түндүк Ирактагы ПККнын лагеринде өткөрүп алып, Түркияга алып келишти.

Бул окуя Түркияда жаңы бир ызы-чуунун чыгышына себеп болду. “Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн эч бир аскери мындайча бир абалга кабылбаш керек болчу. Ошондуктан, мен алардын аман-эсен кутулганына анча сүйүнө албадым”, деп адилет Министири Мехмед Али Шахин өзүнүн пикирин ашкере айтып салгандан соң, жаңы бир талаш-талкуу башталып кетти. Айрым чөйрөлөр министрди катуу сынга алышса, айрым саясатчылар анын айткандарын колдоп чыгышты. Маселен, оппозициядагы ЖКПнын парламенттеги тобунун төрагасынын орунбасары Кемал Кылычдароглу адилет министиринин айткандарын сынга алды:

“Урматтуу Мехмед Али Шахиндин баяны абдан өкүнүчтүү …Мындан бир канча жыл мурда Түндүк Иракта америкалык аскерлер түрк аскерлерди башына кап кийгизип алып кетишкенде Шахин мырза эмне үчүн реакция көрсөтпөдү. Министр Шахин дароо элден жана азат болгон аскерлердин ата энелеринен кечирим сурашы керек”,- деп билдирди Кемал Кылычдароглу/

Түркия Жумушчу Партиясынын (ТИП) жолбашчысы Догу Перинкек айткан сөздөрү менен маселени ого бетер ырбатып жиберди:

“Аттигинай, ошол аскерлерибиз шейит түшүп, алардын табыттары келсе, биз аларды душмандын колунан, бүт элди ушунчалык иренжитип уятка калтырган бир шартта өткөрүп алгандан алда канча жакшыраак болмок эле” деди Перинчкек мырза.

Аскердик жана жарандык прокурорлор шпиондук же чыккынчылык ыктымалын эсепке алуу менен бошотулган ошол 8 аскердин үстүнөн тергөө жумуштарын жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG