Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:36

“АР-НАМЫС” ПАРТИЯСЫ ТИЗМЕСИН БЕКИТТИ


Кечээ “Ар намыс” партиясы алдыдагы парламенттик шайлоону утурлай өзүнүн алтынча курултайын өткөрдү. Курултай жабык эшик аркасында өтүп, ага өлкө боюнча жалпы 131 делегат катышты. Курултай өз ишин жыйынтыктап жатып, парламенттик шайлоого аттана турган жүз адамдын тизмесин бекитти. Тизмени партиянын төрагасы Феликс Кулов жетектеди.

“Ар намыс” партиясынын жетекчилеринин айтымында курултайга республика боюнча 151 делегат чакырылып, бирок аба-ырайына жана жол кыйынчылыгына байланыштуу алардын 131 келген. Партия кезектеги курултайын жабык эшик аркасында өткөргөндүктөн, журналисттер катыша алышкан жок. Соңунда делегаттар жашыруун добуш берүү аркылуу алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турган 100 адамдын тизмесин бекитишти. Тизмени партиянын лидери Феликс Кулов жетектеп, алгачкы бешилтикке кезеги менен Валерий Диль, Бөдөш Мамырова, Анвар Артыков жана Эмил Алиевдер киришти. Тизменин өзгөчөлүгү тууралуу «Ар намыс» партиясынын тең төрагасы Эмил Алиев буларга токтолду:

- Кыргыздардан башка орус, немис, түрк, карачай, чечен сыяктуу он беш түрдүү улуттан кирди. Он жетиси жаштар же мыйзамда көрсөтүлгөндөй 15 пайызы жаштар. 15 пайыздан ашыгы же 41 аял бар биздин тизмеде.

Ошондой эле ал алдыдагы шайлоого ишенимдүү баратышканын, бирок, БШКнын колу аркылуу оппозициядагы партияларга бийлик бут тосууларды уюштуруп жатканына токтолуп, мыйзам бузуулар болбосо акыркы кездерде чоң талаш-тартыш жараткан 0,5 пайызды деле алууга боло турганын билдирди:

- Бизди 0,5 пайыз деле чоочулатпайт. Эгерде бардыгы мыйзам жолу менен ар кандай ыкмалар колдонулбай, таза өткөрүлсө, биз гана эмес башка партиялар да аны камсыз кылганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок, муну бийлик оппозицияга каршы коюлган норма катары киргизди. Бир эле жардыкты эки жолу жибериптир, өзгөртүүлөрү бар. Ал өзгөртүүлөрдө чоң мани жатат. Эми азыр кайсынысын алып чыгып көрсөтөт, ал деле белгисиз. Анткени, азыр Жогорку Кеңеш иштебейт, Конституциялык сот да иштебейт, алар мыйзамды алып чыкканга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Байкоочулардын баамында, партиянын шайлоо алдындагы тизмесинин биринчи бешилтигине Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Валерий Диль менен 2005-жылдын март айындагы окуяларга активдүү катышкан Анвар Атрыковдун кошулушу, акыркы кездерде абройу төмөндөп кеткен “Ар намыс” партиясына бир топ кубат берди. Анвар Артыковдун ишениминде, бийлик кандай болгон күндө да шайлоо учурунда административдик ресурстарды колдонот. “Ага референдумдун кандай өткөндүгү мисал болот алат”,- дейт ал.

- Негизинен шайлоодо бир топ эле мыйзам бузуулар болот. Бул эми түшүнүктүү. Бийлик конституция менен кодекс кабыл алынгандан кийин, кийинки өзгөртүүлөр элге жарыяланбай туруп эле ишке ашып кетти. Анын ичинде 0,5 пайыз. Бул эми административдик ресурстун күчөшүнө алып келет.

XS
SM
MD
LG