Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

ОРУСИЯНЫН АТАЙЫН КЫЗМАТТАГЫЛАР ИЧ АРА ЖӨӨЛӨШҮҮСҮ КҮЧ АЛУУДА


Муса Мураталиев, Москва Орусиялык күч органдарынын ортосундагы тымызын кармаш басылбоодо. 27-октябрда Санкт-Петербургда Мамлекеттик баңгиликке каршы кызматынын эки офицеринин белгисиз зат менен ууланып өлүшүн ошол кармаштын бир мисалы катары кеп кылышууда.

Атайын кызматтагылар арасындагы кармаш Баңгизатын контролдукка алуу кызматынын жетекчиси Виктор Черкесовдун кол астында иштеген генерал Александр Бульбовду ачык эле ФСБ кызматы карматкандан кийин башталган. Анализчилер болжолунда мындай көрүнүш кийинки жылы Владимир Путин президенттиктен кеткенде ого бетер күч алат.

Кытайдан алып өткөн товарларды ФСБ чегарадагы өз кампаларына сактап өткөрүү жолу менен арам акча таап атышын жана ага кошуп батыштык жыгач-таштарды башкача, жеңилдетилген баа менен бажыканадан өткөрүп, «Үч кит» маркетин уюштуруп арам акча таап аткандарды иликтеп чыгууну президент Путин (ФСКН) баңгиликке каршы күрөшүү кызматына тапшырган. Иликтөөнү ФСКН кызматкери, генерал Бульбов жүргүзүп, былтыр жайда «Үч кит» дүкөнүнүн кирешесин бөлүштүрүүгө аралаштыгы бар коопсуздук кызматынын беш генералы кызматынан бошотулган.

Октябрь айынын этегинде коопсуздук кызматынын чагымынан улам Бульбовдун өзү кармалган. Ал ошондон бери тергөөдө. Ага тагылып аткан кинелер: телефондон «тыңшоо» уюштурду, ага ар бир айына 50 миң доллардан акы төлөп турган. Акчаны соодагерлерден коркутуп-үркүтүү жолу менен саап алган, болууда.

ФСКН жетекчиси Виктор Черкесов муну ФСБнын өч алуусу деп баалаган. «Коммерсант» гезити аркалуу «чекисттер алаканы таза болуудан калып баратат»,- деп макала да жарыялады.

Анализчилер божомолунда президентке тирек болуп келаткан атайын кызматтагылардын жөөлөшүүсү, күч органдарындагы чатак, демейдегидей жабык жүрүүдөн калып, ачык жүрүүгө аргасыз болуп калганын билдирет.

«Агентура.ру» сайтынын башкы редактору Андрей Солдатов айтканга караганда бул атайын кызматтагылар жылуу орун талашуусунан улам болуп атат:

- Күч органдарынын арасынан Черкесовдун тобу эң алсызы. Ошондуктан Черкесов ошол абалды өзгөрткүсү келип атат.

The New Times жазганга караганда да Николай Патрушев сыңары, Виктор Черкесовдун президентке чукул болгусу келгенден улам ушундай жагдай түзүлүп атат. «Бирок бул тирешүү баарыдан мурда президентке пайдалуу – аны менен эми ал аябагандай көп бюджет акчасы менен куралын басып жатышкан погончондорду өз контролдугу астында кармап турууга мүмкүдүк алат»,- деп жазат.

Президент Путин болсо «атайын кызматтарда кагылыштар башталды» деп жазган баңгиликке каршы кызматынын жетекчиси Виктор Черкесовго «одоно кеп болду» деп жооп айткан. Кайсыбир талдоочулар «Үч киттен» чыккан жаңжал, бул тоо музунун үстү, ал эми тоо муздун астында дагы кыйла күч органдары кармашып атышат дешет. Ошонун баарына алардын арам акчаны көбүрөөк тапсам экен деп жулунушу күнөөлүү дешет.

XS
SM
MD
LG