Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

«АК ЖОЛ» МЕНЕН СОЦИАЛ ДЕМОКРАТТАР КУРУЛТАЙ ӨТКӨРҮШТҮ


Бүгүн президенттин «Акжол» партиясы менен премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Алмазбек Атамбаевдин Социал-демократтар партиясы өз курултайларын өткөрүштү. «Ак жол» партиясы курултайын «Ала тоо» кинотеатрында, ал эми Социал-демократтар Опера жана балет театрында өткөрүп, тизмелерин тактаты. Белгилүү болгондой Социал-демократтардан партиялык тизмеге кирген беш адам Ө.Бабанов, Б.Бешимов, Р.Шааботоев, И.Карамушкина, О.Артыкбаевдер болду. 16-декабрда өтө турган парламенттик шайлоого социал-демократтар партиясынан талапкерлер мына ушундай ирээтте кетет. Бул Социал-демократтардын кезектеги VIII- курултайы. Курултайда 100 кишиден турган партиялык тизме бекитилип, партиянын жетекчилигине А.Атамбаев шайланды. Мындан тышкары партиянын 31 кишиден турган саясий кеңеши түзүлдү. Ал эми "Ак жол" партиясы өзүнүн алгачкы курултайын өткөрүп жатат.

XS
SM
MD
LG