Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

БИЙЛИК ПАРТИЯЛАРЫ КУРУЛТАЙЫН ӨТКӨРҮП, ТАЛАПКЕРЛЕРИН АТАДЫ


10-ноябрда Бишкекте президенттик «Ак жол» элдик партиясынын жана өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жетектеген Социал-демократиялык партиянын курултайы болуп өттү. Анын экөөндө тең 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого 100дөн талапкерлер көрсөтүлдү.

Президенттин демилгеси менен түзүлгөн «Ак жол» партиясынын курултайы Бишкектеги «Алатоо» кинотеатрында, жабык эшик артында өттү. Курулайга 250 делегат чакырылып, анын 240 келгени кабарланды. Курултай соңунда партиянын төрагасынын орун басары Автандил Арабаев жана жооптуу катчысы Жангороз Каниметов маалымат жыйынын өткөрүп, курултайда партиянын атынан шайлоого баруучу жүз талапкердин тизмеси катталганын билдирди. «Ак жол» партиясынын тизмесинин баштоочуларын Жангороз Каниметов атады:

- Биринчиси, Баекова Чолпон Турсуновна, экинчи Мадумаров Адахан Кимсанбаевич, андан кийин Нифадьев Владимир Иванович, Акрамов Эрнест Хашимович, Ибраимова Элмира Султановна.

Булардан сырткары алгачкы ондукка Асылбек уулу Дамир, Кабаев Акбаралы, Кабай Карабеков, Мария Исанова жана Каримов Алмазбек кирген. Партия эми тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырмакчы.

Ушул эле күнү борбордогу Опера жана Балет театрында премьер-министр Алмазбек Атамбаев жетектеген Социал-демократиялык партиянын курултайы болуп өттү. Ага 560 делегат чакырылып, 540 катышканы кабарланды. Курултайда Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, өкмөттүн жасап жаткан иштери, өзүнүн шайлоого барбаш себеби тууралуу маалымат берди. Социал-демократиялык партиянын тизмесин Өмүрбек Бабанов баштап, андан кийин Бакыт Бешимов, Руслан Шаботоев, Елена Карамушкина, Осмонбек Артыкбаев кетмекчи.

Алмазбек Атамбаев курултайда президент Курманбек Бакиевдин саясатын колдоорун ачык айтып, негизги маселе туруктуулукту жана экономикалык өсүштү камсыздоо деп билдирди.

«Өлкөнү кышка даярдоо жана шайлоо учурунда туруктуулукту камсыздоо зарыл болгондуктан, шайлоого баруудан баш тарттым»,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Бирок Атамбаев өзү катышпаса да Социал-демократиялык партиянын жеңишке жетишерине ишенгенин айтып, партиянын атынан келүүчү депутаттарга алгачкылардан болуп Кумтөргө байланыштуу келишимди ратификациялоого чакырды. «Кумтөр» тууралуу Атамбаев буларды белгиледи:

- Сиздерге белгилүү болгондой Кумтөр боюнча кандай оор сүйлөшүүлөр жүрдү. Кумтөр буга чейин элге эмес, мурунку жетекчиликтин кызыкчылгына иштеп келген. Андагы кээ бир келишимдер кыргыз эмес, орус тилине да которулбастан, англис тили боюнча кол коюла берген. Кумтөр боюнча келишим ратификацияланса, алтынга баа азыр өсүп баратат, биздин колубузда 1.5 миллиард долларга чейин каражат болот.

Өкмөт башчы ошондой эле ачык, калыс жана таза шайлоону камсыздоо өзгөчө маанилүү экенин, бул маселе боюнча президент менен сүйлөшкөнүн билдирди.

Ошентип, 10-ноябрда «Ак жол» жана Социал-демократиялык партиянын курултайы болуп, алар өздөрүнүн жүз талапкеринин тизмесин бекитти. Эми ал тизмелерди Борбордук шайлоо комиссия карап, мыйзамдуулук жагын текшерип көрөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG