Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

12-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Дүйнөдө биринчи жолу антисейсмологиялык жаздыкчадагы үйлөрдүн курулуш тажрыйбасы 1928-жылдын 12-ноябрь күнү Фрунзе шаарында жасалган. Кыргызстандын маалымдоо каражаттары 1944-жылдын 12-ноябрында, Боом капчыгайы аркылуу өтчү темир жол курулуш маалында, тынчтык максатында колдонулган дүйнөдөгү эң чоң жардыруу жасалгандыгын кабарлашты.

Дүйнөдө биринчи жолу антисейсмологиялык жаздыкчадагы үйлөрдүн курулуш тажрыйбасы 1928-жылдын 12-ноябрь күнү Фрунзе шаарында жасалган. Архитектор жана инженер А. Зенков иштеп чыккан методго ылайык, курулуш имаратынын фундаменти терең казылып, фундамент менен топурак ортосунда боштук пайда болгон. Ачык калган боштук топурак менен толтурулуп ал горизонталдык жана вертикалдык жер титирөөлөрдө антисейсмологиялык жаздыкча ролун аткарган.

Кыргызстандык большевиктер менен «аң-сезимдүү» пролетарийлер 1932-жылдын бу күндөрү ВКП (б) Борбордук Комитетинин башкы катчысы, дүйнөлүк пролетарийлердин жетекчиси И. В. Сталинге аялы Н. Аллилуеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтышты. Кыргызстандыктар Н. Аллилуеваны «партия ишине берилген ажайып адам» экендигин белгилешип, И. В. Сталинге кайратынан жазбай өлкөдөгү социализдин курулушун жетектей беришин тилешти.

Кыргыз АССР Башкы сотунун атайын коллегиясы 1934-жылдын 12-ноябрында, республикадагы эң ири ишканалардын бири-Фрунзе механикалык заводдо чыккан өрт иши боюнча өкүм чыгарды. Атайын уюшулган комиссия өрт ишканага 1 миллион 231 миң рубль көлөмүндө зыян алып келгендигин аныктаган. Өрттүн чыгыш себебинде карасантайлык аракет аныкталбаганы менен завод жетекчилигине социалисттик мүлктү бүлүндүргөн кылмыштуу шалаакылыгы үчүн айып коюлган. Заводдун директору Лапичев 10 жылга, техникалык директор Посечиненко 5-жылга, заводдун өрт өчүргүч кызматынын начальниги Калашникова 3-жылга эркинен ажыратылган.

Кыргызстандын маалымдоо каражаттары 1944-жылдын 12-ноябрында, Боом капчыгайы аркылуу өтчү темир жол курулуш маалында, тынчтык максатында колдонулган дүйнөдөгү эң чоң жардыруу жасалгандыгын кабарлашты. Боом капчыгайынын татаал участкасындагы Кыз-Күйөөдө орун алган бийиктиги 25 метрдик, көлөмү 44 миң куб метр аска таш жардырылып, темир жол курулушунун көзү ачылган.

Кыргызстан басмаканасы даярдаган «Советтик Кыргызстандын жазуучулары» аталыштагы библиографиялык сурамжылоо китеби 1969-жылдын бу күндөрү окурмандардын колуна тийди. Библиографиялык сурамжылоо Кыргызстандын тарыхында биринчи ирээт жасалып, китепке Токтогул Сатылгановдон баштап, кийинки советтик жазуучуларга чейинки адамдардын биографиясы, чыгармалар тизмеси жайгаштырылган.
XS
SM
MD
LG