Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:42

ГРУЗИЯДА БИРИККЕН ОППОЗИЦИЯ ӨЗ ТАЛАПКЕРИН АТАДЫ


Грузин парламентинин депутаты Леван Гачечиладзе кечээ Тбилисиде бириккен оппозициянын талапкери болуп жарыяланды. Гачечиладзе 43 жашта, азыркы президент Саакашвилинин кызматтан кетишин талап кылган жакындагы акцияларга активдүү катышкандардын бири.

Леван Гачечиладзе оппозициядагы он партия кирген Улуттук кеңеш бир нече кишини электен өткөрүп, акырында анын талапкерлигине токтолгонун айтып, Грузияда президенттик институтту жоюуну өзүнүн башкы максаты катары атады.

Эгер январдагы мөөнөтсүз шайлоодо ал элдин мандатын утуп алса, анда өкмөт башчылыгына оппозициядагы “Грузия жолу” партиясынын лидери Саломе Зурабишвили дайындалат. Өлкө парламенттик башкарууга өтөт. Ушуга байланыштуу оппозиция Саакашвилини да премьер кылгысы келген өнөгүн азыртан атоону сунуш кылды.

Бириккен оппозициянын кандидаты парламентке “Жаңы оңчулдар” блогунан шайланган, “Демократиялык майдан” фракциясынын мүчөсү. Бир кезде Саакашвилинин шайлоо штабын жетектеген, ушул айдын башындагы митингдерде болсо анын кызматтан кетишин талап кылып, нааразылык акцияларына активдүү катышты.

Калк арасында Гачечиладзе улуттук кызыкчылыктарды жигердүү жактаган саясатчы иретинде да бир топ таанымал. Анын бир тууган иниси Гия өлкөгө кеңири белгилүү саясий ырчы. Ушул жана башка жүйөөлөрдөн улам оппозиция Гачечиладзени шайлоочулардын кеңири чөйрөсү колдойт деп ишенет.

“Биздин эң сонун мүмкүнчүлүгүбүз бар, анткени артыбызда Грузиянын көңкү калкы турат, президент Саакашвилиде болсо административдик ресурс гана бар”, - деп билдирди оппозициялык лидерлердин бири,мурдагы тышкы иштер министри Зурабишвили.

Айрым кабарларда Саакашвилиге оппозициядагы лейбористтер партиясынын лидери да атаандаш болгусу келип жатканы айтылат. Бирок азырынча муну партиянын өкүлдөрү ырасташа элек, анын үстүнө лейбористтердин лидери 7-ноябрдан бери коомчулуктун көзүнө көрүнө элек. Айрымдар аны камалган дешсе,кай бирлери АКШдан башка калка сурап, өлкөдөн чыгып кеткен дешет.Бу маалыматтар калп экенин лейбористтер партиясынын баш катчысы Иосиф Шатберашвили ырастады.

XS
SM
MD
LG