Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

ГРУЗИН ОППОЗИЦИЯСЫ ПРЕЗИДЕНТИККЕ БИРДИКТҮҮ ТАЛАПКЕРДИ КӨРСӨТӨ АЛБАДЫ


Грузин оппозициясы президенттикке талапкер деп ишкер-парламентарий Леван Чачечиладзени көрсөттү. Андан башка дагы үч адам президенттикке ат салышаарын жарыя кылды. Грузияда кезексиз президенттик шайлоо 5- январда өтөт. Ал эми шайлоо өнөктүгү 22- ноябрда башталат. Байкоочулар оппозиция арасында мунаса жок болгондуктан, президент Саакашвилинин кайра шайланууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышууда. Бирок, шайлоого чейинки 1,5 айда көп нерсе өзгөрүп кетиши да ыктымал.

Грузин оппозициясы 5-январдагы шайлоого чейин президент Саакавшилини оодарып түшчү күчтүү талапкерди оңой менен таппайт сыяктуу. Улуттук кеңеш улутчул- депутат Леван Чачечиладзени президенттикке талапкер деп атады. 42 жаштагы Чачечиладзе ири шарап өндүрүүчү да. Оппозициянын көрүнүктүү мүчөсү Саломе Зурабишвили эл Саакашвилини колдобойт деген ишенимде:

-Биздин мүмкүнчүлүгүбүз өтө жакшы, себеби биздин артыбызда бүтүндөй Грузиянын эли турат. Мырза Саакашвилинин артында административдик ресурстан башка эч нерсе жок.

Саломе Зурабашвили непада Чачечиладзе жеңсе, премьер- министр болуп калышы ыктымал экени айтылууда. Бирок, күрөш татаал болчудай. Бүгүн Чачечиладзеден башка да Саакашвилини жеңем деп шымаланган үч талапкер бар. Алар Жумушчу партиясынын төрагасы Шалва Нателашвили, Жаңы оңчулдардын ана башы Давит Гамкрелидзе жана өлкөдөгү эң бай адамдардын бири Бадри Патаркациашвили. Мунун өзү грузин оппозициясы арасында биримдик жок экенин күбөлөйт дейт саясый талдоочу Бакур Квашилава:

-“Оппозиция” дегенде биз эмнени түшүнөбүз? Өкмөттүн чечимдери жөнүндө айтсак, ага каршы дайыма туруктуу оппозиция болгон жана 2005-6-жылдары өтө күчөгөн. Бирок, оппозицияны өз шайлоочулары, конкреттүү платформасы бар саясый уюм катары карасак, эч нерсе өзгөрбөдү.

Бакур Квашилава баамдагандай, Улуттук кеңешке түрдүү идеологияны тутунган 10 партия кирет. Кеңешке оппозиядагы маанилүү эки топ- Жаңы оңчулардар менен Өнөр жайчылар партиясы кошулбады. Талапкерлердин программасы да ар түрдүү. Чачечиладзенин максаты: президенттик бийликти жойуп, парламенттик республика түзүү. Ал эми башка талапкерлер өз программаларын жарыялай элек жана алар шайлоого чейинки 1, 5 айдын ичинде өздөрүн элге тааныта алары да күмөндүү. Өкмөттүк маалымат каражаттарынан башка булактарга өзгөчө кырдаалга байланыштуу тыйуу салынгандыктан, Саакашвилинин атаандаштары шайлоо өнөктүгү учурунда кандай чагылдырылат, белгисиз. Саакашвилинин артыкчылыгы- административдик ресурсунда жана БШКда. Анткен менен, оппозициячыл талапкерлерде бир артыкчылыгы бар, деп билдирет “Азаттыктын” кабарчысы Саломе Асатиани. Атап айтканда, чукул кырдаал абалына элдин нааразылыгы күн сайын өсүп барат.

XS
SM
MD
LG