Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

БИЙЛИКЧИЛ ПАРТИЯЛАР ТИЗГИНИН ТАРТА АЛБАЙ КАЛЫШТЫБЫ?


Мээрим Султангазы. Жогорку Кеңешке шайлоого партиялардын үгүт иштери 26-ноябрда башталат. Бирок ага карабай бийликке ыктаган партиялардын айрымдары мөөнөтүнөн мурда үгүт ишин баштады деген пикирлер айтылууда. Маселен Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу “Ак Жол” жана Социал-демократтар партиялары Шайлоо кодексин бузуп, алдын ала эле үгүт иштерин жүргүзүп жатат деп айтып чыкты. Буга чейин “Ата Мекен” партиясы дагы “Ак жол” партиясын мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөнү үчүн айыптаган.

“Ата Мекен” партиясы мындан бир нече күн мурун “Ак Жол” партиясы мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин баштоо менен мыйзамды бузуп жатат деген арыз менен БШКна жана Башкы прокуратурага кайрылган. Бирок партиянын бул арызын БШК көңүл сыртында калтырган. Ошондо “Ата мекен” партиясы БШКна карата чара колдонуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган.

Башкы прокурордун 1-орун басары Сумар Насиза айрым маалымат каражаттарына БШК тарабынан “Ак жол” саясий партиясына эскертүү берилгенин кабарлады.

Анткен менен “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Темир Сариев прокуратуранын мындай оозеки чарасына ынанбай турганын айтты. Ал тиешелүү органдар президенттик жана бийликчил партиялардын мыйзам бузуууларына көз жумуп коюп жатат деген ишенимде:

- Толук түрдө мыйзам бузуулар болуп жатат. Мисалы президент Бакиев Акүйдүн жетинчи кабатында “Ак жол” партиясынын саясый кеңешин өткөрүп жатат. Тизмеге кимдер киргенин өзү окуп берип жатат. Барын биз көрүп турабыз. Бийликчил партияларга карата тиешелүү органдар кандайдыр бир катуу чараларды көрөөрүнө ишенбейм,-
деген пикирин Темир Сариев “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди.

Ал эми “Ак жол” партиясынын мүчөсү Жанкороз Каниметов атамекенчилердин мындай айыптоолорун негизсиз деп эсептейт:

- Эми алар конкреттүү күнөө койбойбу. Алар күнөөлөп жүрүп көнүп калышкан. Эгерде бүгүнкү күндөн баштап эле мыйзам бузуп баштасак эл да түшүнбөйт, ошондуткан биз да мындай мыйзам бузууларга жол бербейбиз. Партияны үгүттөй турган эч нерсе болгон жок, журналисттер канча суроо беришти, жооп берген жокпуз.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу мөөнөттөн мурда эле үгүттөө аракеттерин жүргүзүп жатат деп “Ак жол” жана Социал-демократтар партияларын айыптады. Анын айтуусунда Баткен облусунда Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү облустук телеканал аркылуу күн сайын чыгып сүйлөп, түздөн-түз чакырык таштап атышат:

-Мен Баткенде сапар менен болдум, тургундар арыз менен облусттук теле аркылуу “Ак жол” жана Социал-демократтар элди үгүттөп жатышат деп мага кайрылышты. Мен өзүм да көрдүм. Сүлүктүдөн тартып Ноокатка чейин ар бир аялдамада, дүкөндө, мекемеде, окуу жайда Социал-демократтардын плакаттары илинип турат.

Коомчулукта “Ак Жол” партиясынын өкүлдөрү бюджеттик мекемелердин кызмактерлерин партияга мүчө болуп өтүүнү таңуулап жатат деген сөздөр айтылууда. Бул боюнча Акыйкатчы төмөндөгүчө көз карашын билдирди:

- Мага бул боюнча расмий арыз түшкөн жок, бирок Кеминге баратып Муздак суу деген жерге кирсем, анда бозүйдө тамак жасагандар айтып жатат, бизди Акжолчулар келип партиясына жазып кетти деп. Алар бизге мүчө болсоңор силерге тийбейбиз деп айтышыптыр.

Турсунбай Бакир уулу саясий партияларга мыйзам бузууга бөгөт коюу талабы менен БШКна кайрылгандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде Социал –демократтар Омбудсмендин мындай билдирүүсүн четке кагышты. Партиянын мүчөсү Роза Отунбаеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Баткен областык телеканалы аркылуу ал болгону партиянынын Баткендеги жыйыны тууралуу айтып берген, ал эми үгүттөөгө чакырык болгон эмес:

- Теле аркылуу мен болгону жыйынга катышып жатам деп айткам. Ал эми кандайдыр бири үгүт, чакырыктар болгон эмес. Шайлоо баштала электе бокочо-желмогуздарды азыртан эле сүрөттөп, бири-бирибизди коркутмай- бул келе жаткан шайлоого шек салып жаткандай деп эсептейм, дейт Роза Отунбаева.

Ошентип үгүттөө иштери баштала электе эле партиялар арасында тирешүүлөр, бийликчил партиялардын дарыгине сын пикирлер айтыла баштады. Мындай көрүнүштү саясат таануучу Карыбек Байбосунов мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт:

- Саясый партиялардын ортосунда болуп жаткан ыйкы-тыйкыларды бийлик менен оппозициянын ортосундагы күрөш деп баалаш керек. Ошондуктан мунун жөн эле тынч кабыл алышыбыз керек, бул боло турган табыгый нерсе.

Айрым саясат таануучулар партиялардын ушундай тирешүүсүн табигый көрүнүш деп эсептешсе, келээрки парламенттик шайлоодо президенттик жана өкмөттүк партиялардын административдик ресурстарды колдонушуна жол ачык, бул өз кезегинде эски бийлик учурундагы ыкмадан эч айырмаланбайт деген көз караштар да жок эмес.
.

XS
SM
MD
LG