Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

АЖЫЛЫК САПАРГА ЧЫККАНДАР ШАЙЛООГО КАНДАЙ КАТЫШАТ?


Кыргызстанда ажылык сапар 1-сентябрда башталганы турат. Ажылык сапарды уюштуруу, ага камылгалар боюнча “Азатыктын” таңкы уктурууларында Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын милдетин аткаруучу Тойгонбек Калматов ой-пикир бөлүштү.

- Ажылык сапардын башталышына дагы 2 жумадай убакыт калды. Даярдык иштери аягына чыгып калса керек?

- Абдан туура, бүгүнкү күнү 5-ноябрга биз жыйынтыгын чыгардык. Турфирмалар боюнча ошол числого 4534 жараныбыз толук документтерин тапшырып, тийиштүү төлөм жана башка маселелерин чечти. Бул жагынан эч кандай проблема жок. Бирок бүгүнкү күнгө быйыл ажыга барып келебиз дегендердин саны бир топ эсе көп. Бирок биз республикалык штаб текшерүү жолдору менен башка республиканын жарандары кокустан кирип калбасын деген ниетте укук коргоо органдары, республикалык штаб, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу кызматкерлердин өкүлдөрү менен текшерүүнү жүргүздүк.

-Зыяратчыларды ташуу жагынан талаш чыгып жатакандай болду эле, аларды канча авиа компания ташый турган болду?

-Айтканыңыз абдан туура маселе. Биздин авиа компаниялар менен макулдашылган келишим боюнча алар 1170 доллар, 115 роялты менен кошо ташыш керек эле. Бирок мында бир гана авиа компания чыккан. Бул Кыргызстандa катталган “Исток авиа” компаниясы. Бирок биздин жүрөгүбүздү ооруп атканы, бүгүнкү күнгө чейин “Исток авиа” ушул баага кызмат көрсөтөм деп, бирок бүгүнкү күнгө чейин эң керектүү документтерди тийиштүү органдарга бере элек.Ошондуктан кечээ күнү биз Акүйдө чоң жыйын өткөрдүк, ага вице премьер, укук коргоо органдарынын жетекчилери, бардык турфирмалар, авиациялардын, граждандык компаниялардын жетекчилери жана транспорт министри катышты. Ал жерде биз абдан чукул турган маселелерди коюп, учак компанияга жыйындын чечими боюнча 2 күнгө мөөнөт бердик. Эгер 2 күндүн ичинде “Исток авиа” толук документтерди берип, 100 пайыз 4 жарым миң кишини ажылыкка алып баруу боюнча кепилдик берип, бардык маселени чечпесе анда биз турфирмалар менен бирдикте башка бир варианттарды карайбыз деп маселе койдук.

-16-декабрга белгиленген биздеги парламенттик шайлоо ажылык учурга туш келүүдө. Зыяратчылардын добуш берүүсү боюнча маселе кандай чечилди. Алар алдын ала добуш берип кетсе керек?

- Эң туура айтып атасыз. Бирок биздин закон боюнча 7-декабрдан баштап шайлоого эрте катышканга укугу бар экен. Биз БШКнын төрайымы менен да, анын мүчөлөрү менен да сүйлөштүк, официалдуу тактамада аларга сураныч жибергенбиз. Биз ушул маселелерди карап 2 вариантка токтолуп атабыз. Биринчиси, биздин Сауд Аравиясындагы элчилигибиз аркылуу Сауд Аравиясында шарты туура келсе, жергиликтүү бийликтин макулдугу менен шайлоо участкасын ачышып, ошол жерде уюштурсакпы деген ой бар. Муну биздин тышкы иштер министри чечип бериш керек. Экинчиси, 7-декабрдан кийин учак менен учуучу жарандарыбыз Манас Ош аэропортунда түзүлгөн шайлоо участкаларынын жардамы менен өздөрүнүн конституциялык укуктарынан пайдаланып шайлоого катышып кетет деген ниеттемин. Ушул эки вариантты бүгүн турмушка ашырышка реалдуу шарттарыбыз бар.

- Айрым маалыматтар боюнча түштүк тарапта өз алдынча ажылыкка унаа менен барууну көздөгөндөр тууралу да айтылды эле. Ушундайлар быйыл да болуп жатабы?

- Бул айтканыңыз да абдан туура маселе. Бирок биз Кыргызстандын жараны катарында Кыргызстандын мыйзамдарын, президенттин Указын, өкмөттүн токтомун милдеттүү түрдө аткарышыбыз керек. Бир дагы киши Кыргызстандын аймагынан автобус менен барбайт. Буга биз тыюу салдык. Чегара, бажы кызматкерлери да буга абдан көмөк көрсөтүп атышат.

XS
SM
MD
LG