Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ МЕНЕН ШААР МЭРИ ШАЙЛАНДЫ


14-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында шаар башчысы менен шаардык кеңештин төрагасы шайланды. Шаар башчылыгына учурда мэрдин милдетин аткарып жаткан Данияр Үсөнов көпчүлүк добуш менен шайланса, шаардык кеңештин башына Айбек Осмоналиев келди.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 14-ноябрда кезекесиз чакырылган 40-жыйынына чогулушту. Ага шаардык кеңештин төрагасыз калганы жана шаар мэринин расмий түрдө шайланбай турушу себепчи болгону айтылды. Жыйындын күн тартибине шаар мэрин, шаардык кеңештин төрагасын жана орунбасарларын шайлоо маселеси коюлуп, Бишкек шаар мэрлигине буга чейин шаар башчысынын милдетин аткарып жаткан Данияр Үсөнов менен вице мэр Болот Худайбергеновдун талапкерлиги каралды. Болот Худайбергенов депутаттардын алдына чыгып шаар депутаттарын Д.Үсөновго добуш берүүгө үндөп, бирок мыйзамдуулук үчүн шайлоого катыша турганын билдирди. Жыйынтыгында 36 добуш менен шаар мэри болуп Данияр Үсөнов шайланды.

Данияр Үсөновдун айтымында, эми мэриянын структурасында бир катар өзгөрүүлөр болуп, негизги басым экономикага, шаар калкынын тынч жана бейпил жашоосуна карата көрүлгөн иш-чараларга жасалмакчы. “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, ал шаар калкы тынчтыкты каалап жатканын, ошол себептүү мындан ары каалоочулар митинг-пикеттерди Кожомкул атындагы спорт сарайынын аркасында гана өткөрө алышарын айтты:

- Конституция боюнча ар бир адамдын куралсыз, тынч митинг өткөрүүгө укугу бар. Бирок, ошол эле конституцияда өз укуктарын пайдаланып жаткан адамдар, башкалардын укуктарын бузбашы керек. Шаар тынчтыкты каалап атат, шаарда миллион адам жашайт. Ошондуктан шаар көчөлөрүн жаап бер, митингге чыгабыз, мобул аянтты бер дегендерди колдобойм. Анткени көпчүлүктүн укуктарын сакташым керек. Азыр пикеттерге жер бөлүнгөн, Кожомкул атындагы аянтчага өткөрө беришсин. Бирок, Чүй проспектисин, башка көчөлөрдү жапканга мен уруксат бербейм.

Ошонтсе да Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Данияр Үсөновдун “митинг-пикеттерди борбордук аянтта эмес белгиленген жерде гана өткөрүү керек”,- деген пикирине каршы экендигин билдирди:

- Баш мыйзамда жазылган. Биздин жарандар ачык-айкын өз ойлорун айтып, тигил жерге тургула, бул жерге тургула дегенге эч кимдин укугу жок. Андай болсо кайрадан мыйзамдарды оңдошсун.

Ошондой эле шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Нуржамал Байболова, мурдатан келаткан добуш берүү салты бузулуп, бул жолу добуш берүү үкөгү өзүнчө бөлмөгө коюлганын, добуш берүүнү көзөмөлдөгөнгө аракеттер болгонун айтты.


Андан соң Шаардык кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралып, төрагалыкка сунушталган талапкерлер биринин аркасынан бири талапкерлигин чакыртып алышып, акырында Айбек Осмоналиевдин гана талапкерлиги калды. Депутаттар мыйзамга ылайык шайлоо өткөрүш үчүн ооруп келбей калган талапкер Мурат Акматбаевдин талапкерлигин бюллетенге киргизишип, шайлоо жыйынтыгында 28 добуш менен Айбек Осмоналиев Бишкек шаардык кеңешине төрага болуп шайланды. 10 депутат эки талапкерге тең каршы добуш беришти. Жаңы шайланган төрага мындан аркы иш-пландары тууралуу буларга токтолду:

- Шаардык кеңеш үч жылдан бери жакшы иштеп келатат. Ишибизди ошондой эле уланта беребиз. Шаардын тургундарынын жашоосун жеңилдетүү үчүн мэрияга жаңы башчы келди. Ошол мэрдин жаңы программалары менен кошо биздин депутаттардын ою бир болуп, чогуу иштейбиз го деген ойдомун.

Андан тышкары депутаттар Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына копчүлүк добуш менен Вячеслав Красиенкону шайлашты.

XS
SM
MD
LG