Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

А. АБДУРАСУЛОВА: КОЛУН ЧЫКАНАГЫНА ЧЕЙИН СОРОЙТУП КӨРСӨТКӨН ГЕНЕРАЛДЫ ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТУУ КЕРЕК


Биринчи май райондук соту «Жашылдар» партиясынын көчө акциясынан кармалган эки мүчөсүн административдик жазага тартып, аларга эскертүү берди. Аларды 10-ноябрда болгон акцияда орус генералы Лебеддин колун чыканагына чейин соройтуп турган, муштум жана эшек тартылган карикатураларды коомдук жайга илгендиги үчүн сот айыптуу деп тапты. Укук коргоочулар буга жооп кылып, анда ноябрдагы саясий акциялардын маалында колун билегине чейин соройтуп көрсөткөн Копсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталиновду биринчи иретте жоопкерчиликке тартууну талап кылып чыгышты.

«Жашылдар» партиясынын жаш канатынын мүчөсү Наргиза Абдылдаевага кечээ Биринчи май райондук соту административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө кодекс боюнча эскертүү берди. Ал мыйзамдын 371-беренесине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылгандар 15 сутка камакка алынышат экен. Райсоттун мындай токтомуна жаш саясатчы макул эмес экендигин белгилеп, соттук жогорку инстанцияларга кайрыларын билдирди.

-Сотто күбөлөр, милиция кызматкерлери мени эч бир каршылык көрсөткөн жок деп айтышты. Бирок ага карабай сот мени күнөөлүү деп эсептеди. Мага эскертүү берип залдан чыгарды, -деди Наргиза Абдылдаева.

Бүгүн болсо райсот «Жашылдар» партиясынын жаш канатынын лидери Тилек Сыдыковго дагы администартивдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө мыйзам боюнча эскертүү берди. Соттун мындай токтомуна макул болбогон Сыдыков эркин көз карашын билдирген жаш саясатчыларды милиция кызматкерлери кысымга алып, жүрөгүнүн үшүн алуу максатында коркутуу ыкмасына өттү, деп эсептейт.

Биринчи май райондук ички иштер бөлүнүн начальнигинин орун басары Талантбек Шатманов болсо бул иш чара мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатканын белгилеп, алардын айыбы тууралуу буларга токтолду.

-Алар акция учурунда эч кандай каршылык көрсөтүшкөн эмес. Бирок күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери аянттан өтүп баратып илинип турган карикатуралардын арасында осол сүрөттөр бар экенидигин көрүп алгыла деп айтышкан. Бирок акциядагылар алардын талаптарын угушпай шылдыңдап күлүшкөндүгү үчүн милициянын мыйзамдуу айткан талабын аткарышкан жок, деп бөлүмгө алып келишкен.

Шатманов белгилегендей 10-ноябрда «Диктатурага жок де!» деген аталыштагы акциянын катышуучулары Алатоо аянтындагы Эркиндик айкелинин пайдубалына 43 карикатураны илишкен. Ал сүрөттөрдүн арасында орус генералы Лебеддин колун чыканагына чейин соройтуп турганы, муштумдун жана эшектин карикатурасы бар экен. Ушул үч карикатура коомго терс көз карашты жаратат деген ойдо милиция кызматкерлери акцияны таркатып, моюн толгоп, каяша айткандарды райондук бөлүмгө алып барышкан, дейт Шатманов.

Колун чыканагына чейин соройтуп турган орус генералынын карикатурасын дубалга илгендиги үчүн жаштарды административдик жоопкерчиликке тартуу тууралуу сот эскертүү берип жатса, ноябрь митингисинде генерал Мурат Суталиновдун колун чыканагына чейин соройтуп көрсөткөнү боюнча сотко кайрылганга мүмкүнчүлүк түзүлдү, дейт укук коргоочу Азиза Абдырасулова.

Ал белгилегендей укук коргоочулар Коопсуздук кызматынын жетекчиси Мурат Суталиновдун колун чыканагына чейин соройтуп көрсөткөнү боюнча эми жоопкерчиликке тартуу аракетин көрөт.

-Биз мындай аракеттерге барабыз. Себеби генерал болобу, карапайым адам болобу мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек. Генерал Суталинов көрсөткөн жорукту, бүт дүйнө жүзү көргөндү жаш балдар сүрөткө тартып дубалга илип койсо эмне үчүн булар жоопко тартылышы керек. Андай боло турган болсо мыйзам алдында Суталинов да жооп бериши керек,-деди Азиза Абдырасулова.

Буга байланыштуу «Жашылдар» партиясынын жаш канатынын мүчөлөрү Нуржан Ботоева, Каныбек Сарымсаков жана укук коргоочулар Максим Кулешов, Чынара Айтабаеванын ишин кароону Биринчи май райсоту улантууда.

XS
SM
MD
LG