Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

06:24 Токиодо кыргыз-жапон биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды


Жапония Кыргызстанга транспорт инфраструктурасын, адам ресурстарын өнүктүрүү, социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында колдоо көрсөтүүнү улантат. Бул тууралуу кечээ Токиодо президент Курманбек Бакиев менен жолугушууда Жапониянын премьер министри Ясуо Фукуда билдирди. Премьер министр Кыргызстанды демократияны, рынокту өнүктүрүүгө ынтаа койгон өлкө катары баалады. Жолугушуунун соңунда тараптар достук, өнөктөштүк, кызматташтык жаңы мамилелер боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Кечээ эки күндүк сапар менен барган президент Бакиевдин катышуусунда бүгүн жапон ишкер чөйрөсүнүн инвестициялык семинары өтөт. (BuS)

XS
SM
MD
LG