Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

ЕВРОСОЮЗ ИРАНГА КАРШЫ БИРИГЕ БАШТАДЫ


Ирандын атом программасына байланыштуу маселеде Евросоюздун айрым өлкөлөрү, айрыкча Германия менен Франция АКШнын активдүү аракеттерине анчейин кошулбай жүргөн эле. Тегеранга бу көп жагынан ыңтайлуу абал түзгөн. Бирок жакында француз президенти менен немец канцлери Берлинде өткөргөн сүйлөшүүлөрдө Ирандын атына бир топ катуу эскертүүлөрдү жасады. Алардын позициясын британ премьери да колдоп чыкты.

Францияда - Жак Ширак, Германияда – Герхард Шрөдөр бийликте турганда эки өлкө тең Ирандын атомдук дымагына кыйла байистүү карап, проблеманы негизинен МАГАТЭ аркылуу сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүнү айтып келишкен. Бирок Францияда Николя Саркози президент болуп шайланган соң Париж Тегеранга ачык кысым жасоого өттү.

Ушул аптанын башталышында Саркози Берлинде Ангела Меркель менен жолугуп, немец канцлерин да өз аргументтерине ийиткенге жетишти. Бери эле дегенде сүйлөшүүлөр аяктаган соң Меркель эгер Иран өз позициясын өзгөртпөсө, ага каршы жаңы санкцияларды жарыялоо маселеси Улуттар Уюмунда каралышы мүмкүн экенин эскертип, Тегеранды алакчылап жүргөн Россия менен Кытайды эл аралык коомчулукка кошулганга чакырды.

Мунун эртеси Британиянын премьери Гордон Браун да ушундай мааниде кескин билдирүү жасады. “Ирандын эки жолу бар, - деп айтты Браун. – Ал же эл аралык коомчулук менен тирешкенин улантып, тийиштүү жазанасын тартышы керек, же болбосо саясатын өзгөртүп, терроризмди колдогонун токтотууга тийиш”.

Экинчи вариант Иран менен жалпы дүйнөнүн мамилесин жакшырта турганын айтып, Браун кокус Евросоюз жетекчилеринин бири Хавьер Солана менен МАГАТЭнин докладдарында Тегерандын позициясында позитивдүү жылыштар байкалбаганы белгиленсе, анда Улуттар Уюмунда да, Евросоюздун өзүндө да санкциялар күчөтүлөрүн белгиледи. “Биздин бул пландарыбыз олуттуу экенинен Иран шек санабай эле койсун”, - деп эскертти ал.

Аталган үч өлкө Тегеран менен көптөн бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, уран байытуу ишинен аны айнытканга күч үрөп келатат. Ошондуктан үч өлкөнүн жетекчилеринен чыккан мындай чечкиндүү апаздар Ирандын өзүндө да Евросоюздун дипломатиясы өзгөрүлө баштаганын билдирген кабар катары кабыл алынды. Анын үстүнө президент Махмуд Ахмединежаддын карышкан позициясын сынга алгандар жергиликтүү саясий чөйрөдө көбөйүп баратат. Хасан Роухани, Али Ларижани жана мурдагы президент Мохаммед Хатами сындуу дасыккан кишилерди ядролук дипломатияга тартуу сунуштары айтылууда.

Өкмөт сынчыларын Ахмединежад дүйшөмбү күнү “чыккынчылар” деп атады. Кечээ болсо өлкөнүн чалгындоо мекемеси президент Хатаминин тушунда Тегерандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө такай катышып жүргөн дипломаттардын бири, Ирандын Германиядагы мурдагы элчиси Муссавиянга Батыш өлкөлөрүнө жашыруун маалыматтарды берген деп ырасмий түрдө айып такты. Муссавиян быйыл жыл башында камалып, көп өтпөй күрөөпулга түрмөдөн чыгарылган эле.

XS
SM
MD
LG