Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Адилет Айтикеев тергөө бүткүчө камактан чыкпайт


Апрель митинги учурунда массалык башаламандык уюштурган деп айыпталып жаткан Адилет Айтикеевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, мындан ары да камакта жата бермекчи. Бүгүн Бишкек шаардык соту анын актоочуларынын өтүнүчүн четке кагып, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин массалык башаламандык кылган деген айып менен дагы төрт киши соттолуп, эркинен ажыратылган. Айрым укук коргоочулар бийлик бул жарлыкты ар бир пикет-митингге катышкан жарандарга тагып, элди тынч, эркин чогулуу укугунан ажыратууга аракет жасап жатат, деп тынчсызданышууда.

Адилет Айтикеевдин апасы Бурул Бейшеналиева уулу камалганын “Азаттыктан” угуп, 27-октябрда Таластан келген. Ошондон бери уулунун башкоргоо чарасы өзгөртүлүп калар деген үмүт менен борбор калаада жүрөт. Бүгүн Бишкек шаардык соту мүмкүн оң чечим кабыл алар деген үмүт менен баласынын жылуу кийимдерин ала келиптир:

-Камалып жаткандагы кийимдерин көрөйүн деген көзүм жок калды. Бүгүн чыгарып калса мүмкүн.. деген тилек-үмүт менен атайын кийимдерин, жылуу кийимдерин ала келгем..

Бирок жабык эшик артында өткөн соттун аягында Адилет Айтикеевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлбөгөнү, ал тергөө бүткүчө УКМКнын абагында кала тургандыгы тууралуу белгилүү болду. Бул тууралуу Адилеттин актоочусу Сартбай Жайчыбеков кабарлады:

-Башкоргоо чарасы өзгөртүлгөн жок, тергөө иши аяктаганча камакта калат. Тергөөчү буга чейин издөөдө жүргөн, бошотуп жиберсе, тергөөгө тоскоол болот, деп өтүнүп суранды. Ушул негиз болду.

Сартбай Жайчыбековдун айтуусунда тергөө иши 25-декабрга чейин созулат. Адилет Айтикеевге массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен кылмыш иши козголгон. Буга чейин апрель митинги учурунда массалык башаламандыкка катышкан, деген айып менен дагы төрт жаран: Жылдызбек Кенжебаев, Амантай Сейталиев, Эркин Акназаров жана Жолдошбек Абдиевге кылмыш иши козголуп, төрт- төрт жарым жылга чейин эркинен ажыратылышкан.

Укук коргоочулар “массалык башаламандыкты уюштурду” деген берене кийинки убакта бийликтин элди кыңк эттирбей башкаруу максатынын куралы болуп калды деген тынчсызданууларын билдирип жатышат. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова жарандык баш ийбестиктер мурдагы бийликтин тушунда да болгондугун, бирок ага катышкан жарандар минтип кылмыш жообуна тартылышкан эмес, деген оюн “Азаттыкка” билдирди:

-Акаевдин тушунда да митинг-пикеттер болуп турган. Бирок анда ага катышкандарга административдик жаза гана колдонулчу. Массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин козгоо апрель айынан тарта эле пайда болду. Ушул жарлыкты ар бир пикет-митингге чыккан жарандарга эле тагып атышат. Массалык башаламандык 2005-жылы 24-мартта болгон. Ошондо үйлөр өрттөлүп, дүкөндөр тонолуп, ок атуулар болгон. Андан бери массалык баш аламандык боло элек Кыргызстанда.

Ошол эле учурда Адилет Айтикеев жана апрель митингинде массалык башаламандыктарды уюштурган деп айыпталып, кесилген жарандар саясий оюндардын курмандыктары, парламенттик шайлоонун алдында бийлик атайын буга басым жасап жатат деген пикирлер да айтылууда. “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова ушундай ойдо:

-Мындай саясий оюндардын аягы жаман болот. УКМКнын иши 1937-жылдагыдай карапайым адамдарды куугунтуктап, пикет-митингге чыккандардын артынан түшүү болуп калды. Пикет-митингге чыгуу жөнөкөй адамдардын укугу. Адилет чоң саясий деңгээлде отурган адамдардын курмандыгы болуп атат. Мындай көрүнүш шайлоого карата дагы күчөйт, -дейт Төлөйкан Исмаилова.

Массалык башаламандык уюштурган деген айып апрель митингисинен кийин бир нече кишиге тагылган. Алардын ичинде “Бириккен фронттун” лидери Феликс Кулов бар. Ушундай эле айып менен адегенде УКМК тарабынан камакка алынган “Бириккен Фронттун” штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев кийин президенттин жарлыгы менен мамлекеттик кызматка дайындалган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG