Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

К. БАЙБОЛОВ: АВТОРИТАРДЫК РЕЖИМ КАЙТЫП КЕЛАТАТ


«Ата мекен” партиясы парламенттик шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу аракеттерин көрүү чакырыгы менен президентке кайрылуу жолдоду. Аталган партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев “Ак жол” партиясынын иш аракеттерине көңүл буруу жөнүндө жана башка шайлоого байланыштуу маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган өтүнүч-арыздары аткарылбай жатканын белгиледи. Ал эми “Ата Мекендин” лидери Кубатбек Байболов учурда бийлик авторитардык режимди кайрып келип, бийликти узурпациялоо аракетин көрүп жатат, деп кескин сынга алды. БШКнын мүчөсү Гуля Рыскулова болсо “Ата Мекендин” “Ак жол” партиясына байланыштуу арыздануусунда эч кандай негиз жок деген пикирин билдирди.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Борбордук шайлоо комиссиясана бир нече ирет өтүнүчтөр менен кайрылышканын, ошонун бири “парламенттик шайлоодо жарым пайыз добуш алуу жалпы республика боюнчабы, же шаар менен аймактарданбы?”- деген өтүнүчтөрү жоопсуз калгандыгын белгиледи. Аталган партия БШКдан эч бир жооп алышпаганынан улам, алдыдагы парламенттик шайлоого карата мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу багытында президент Курманбек Бакиевге кайрылышып, эки жумадан бери жооп ала алган жок, дейт Текебаев. Анын айтымында, президенттин аймактарда шайлоочулардын жарым пайыз добушун алуу сунушу түздөн-түз саясий партияларга жасаган бут тосуусу.

-Президенттин бул норманы киргизгенин дагы биз нормага сыйбайт деп эсептейбиз. Ошондуктан муну бардык саясий партиялар бут тосуу катары эсептешүүдө. Бул бут тосуунун саясий укуктук негизи жок деп эсептейбиз.

Текебаев белгилегендей эгерде аймактар боюнча шайлоочулардын жарым пайыз добушун алуу керек болсо, анда Талас облусунда бул көрсөткүч жыйырма пайызга чейин чыгып кетет.

-Эми бул бир региондогу жалпы шайлоочулардын жалпы санынан эмес, кыргызстандагы бардык шайлоочулардын жалпы санынан 0,5 пайызы дейт. Бул 14 миң шайлоочуга жакын болот. Ал эми Таласта 120 миң шайлоочу бар. Алардын жарымы келсе 60 миң шайлоочу болот. 60 миң шайлоочунун бул 14 миңи шайлоочулардын жыйырма пайызын түзөт. Демек 20 пайыз добуш албаган партия башка аймактардан 70-80 пайыз добуш алса дагы парламентке келбей калат дегенди билдирет. Бул пропорционалдык системаны жокко чыгарган көрүнүш. Бул көп партиялуулукту жокко чыгаруу сунушу. Ошондуктан биз муну демократиялуу деп эсептебейбиз.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Кубатбек Байболов болсо азыркы бийлик мыйзам чегинен чыгып, авторитардык режимди кайрадан орнотууну көздөөдө деген көз карашта.

-Кыргызстанда кайрадан авторитардык Советтер Союзундагыдай болгон кызыл камчы бийликтин вертикалын түзөбүз деп жатышат. Демек, бийликтин вертикалы атаандаштыкка негизделбеген авторитардык, эч качан нарк экономикасын түзө албайт. Ошондуктан биздин азыркы кыйчалыш кризистик акыбал, мамлекеттин өнүгүү багытын түп тамырынан бери өзгөрүүсүнө байланыштуу.

Байболов ошондой эле 24-мартты бийликти күч менен басып алуу катары эсептеп, парламенттин мөөнөтсүз таркатылышын жана Конституциялык соттун аракеттерин мыйзамсыз, деп сынга алды.

БШКнын мүчөсү Гуля Рыскулова “Ата Мекендин” өтүнүчтөрү комиссияда караларын, алардын “Ак жол” партиясына койгон дооматында негиз жок деген көз карашын билдирди.

-Менин оюмча Ак жол партиясынын үгүт иштерине шайкеш келбеген маселелерди Ата мекен партиясы далилдей алган жок. Ошондуктан бул жерден башка бир партияга күнөө коюга негиз деле жок, -деди Гуля Рыскулова.

Атамекен партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Чолпон Жакупова “Ак жол” партиясы Орусиядан ырчыларды алып келип борбордук Ала Тоо аянтында концерт койдуруп, ага президенттин катышуусун жана Бишкектин көрүнүктүү жеринде илинген “Ак жолго” байланыштуу жарнаманы эртелеп үгүт иштерин жүргүзө баштады, деп эсептейт.

Ал эми «Ак жол партиясы» болсо «Социал-демократтар» партиясы мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүп жатат деп БШКга арыз жолдоду.

XS
SM
MD
LG