Алгач шайлоого катышуу ниетин билдирип Борбордук шайлоо комиссиясына 50 партия арыз берген.15-ноябрга карай алардын 18 курултайын өткөрүп, шайлоого баруучу талапкерлердин тизмесин даярдашты. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев 15-ноябрда билдирди:
-Азыркы убакта 18-партия курултайын өткөрдү. Бул бүгүнкү күнгө карай бизге түшкөн маалыматтар боюнча. Бүгүн талапкерлерди көрсөтүү боюнча курултайларды өткөрүүнүн акыркы күнү. Андан кийин үч күндүн ичинде, 18-ноябрга чейин курултайлардын материалдары Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырыш керек.
БШКдан алынган маалымат боюнча, 15-ноябрга карай курултайларды өткөргөнү жана анда көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин үч партия тапшырды. Алгачкылардан болуп «Ата мекен» партиясы 98 талапкердин тизмесин 13-ноябрда БШКга берген. 15-ноябрда Социал-демократиялык партия 100 талапкердин, ал эми Коммунисттер партиясы 96 талапкерден турган тизмесин тапшырды. Борбордук шайлоо комиссиясы 26-ноябрга чейин тизмелерди текшерип бүтүүгө тийиш. Анткени ал күндөн тарта үгүт кампаниясы башталат.
Үгүт кампаниясы башталганга чейин эле үгүт иштерин жүргүзө баштагандыгы боюнча партиялар бирин-бири айыптоодо. Маселен, «Ата мекен» партиясы Башкы прокуратурага кайрылып, президент Курманбек Бакиевдин Алатоо аянтында концертте «Ак жол» партиясына үгүттөөсүн иликтөөнү өтүнгөн. «Ак жол» партиясы өз кезегинде Социал-демократиялык партия үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштады деп, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Социал-демократтарды ошондой эле «Эркин Кыргызстан» партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу да айыптап, Баткен облусунда бул партия үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштаганы боюнча видео, фото менен далилдери бар экенин ачыктады. Өз кезегинде Социал-демократиялык партия андай айыптоолорду четке кагууда.
«Ак жол» партиясы өз тизмесин БШКга тапшыра элек. Партиянын жооптуу катчысы Жангороз Каниметовдун маалымдоосуна караганда, тизме жакынкы күндөрдө тапшырылат. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариевдин пикирине караганда, «Ак жол» партиясынын тизме башындагы Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын кызмат абалы боюнча маселе чыгышы мүмкүн:
-Ошол маселе болуп калышы мүмкүн. Анткени бул бир жагынан мамлекеттик жетекчи кызматкер болуп эсептелет. Экинчи жагынан сот бийлиги өзүнчө бийлик бутагы экени белгилүү. Ошон үчүн соттордун абалы боюнча биз карап, ошого жараша чечим кабыл алышыбыз керек. Башкаларга келсек, мыйзам боюнча жетекчилер, орун басарлар кызматтан кетиш керек.
Сариевдин айтымында, БШК чечпей жаткан дагы бир маселе бул партиялардын 0.5% алуусуна байланыштуу маселе. Борбордук шайлоо комиссиясынын үч мүчөсү аны бир жактуу чечүүнү талап кылып БШК төрайымына кайрылды. Бирок ал чечим кабыл алууну кечеңдетүүдө.
Белгилүү болгондой, БШК ушул кезге чейин партиялар региондордогу шайлоочулардын тизмесинен 0.5% алыш керекпи, же жалпы республикалык тизмедеги шайлоочулардын санынан региондордон 0.5% керекпи деген маселени бир жактуу чечпей келатат.