Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

ООГАНСТАН: ПРЕЗИДЕНТ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ ЖАРЫЯЛАДЫ


Каарманбек Кулуев, Бишкек Ооган Президенти Хамид Карзай өкмөт мүчөлөрү менен депутаттарды “коррупцияга белчесинен баткан” деп айыптады. Анын айтымында, жалпы ооган элинин жашоо шарттары күндөн күнгө начарлап жаткан кезде бийликтеги эр азаматтар өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн гана иштеп жатышат. Бул, өз кезегинде, согуштан кыйла жапа чеккен мамлекетти кайра курууну кечеңдетет.

Ооганстанда коррупция өзгөчө күч алып, пара берилмейин эч нерсе жасалбашы мурдатан эле маалым болчу. Жуманын башында Президент Хамид Карзай коррупция баардык деңгээлде - жергиликтүү, регионалдык жана федералдык деңгээлдерде бар экенин мойнуна алды.

"Азыркы саясий системадагы атка минерлер баарын алышты – капчыгын канча каражат менен толтуруп алышканын билсе, бир Кудай өзү билет. Дүйнө банктары биздин мекендештерибиздин акчасына жык толгон. Өкмөт жана парламент мүчөлөрүнүн килейген там-сарайлары бар, Кабулда гана эмес, чет өлкөлөрдө да үчтөн-төрттөн үйү бар".

Карзай жалпылап сүйлөп, кимди күнөөлөп жатканын атынан атабаса да, өз учурунда Ооганстандан качып жүрүп, кийин башка өлкөлөрдүн колдоосу менен кайтып келген саясатчылардан шектенгенин жашырган жок.

"Дүйнөлүк коомчулуктун жардамы менен - алар берген каражат, учак, жоокерлери менен, жана ооган элинин колдоосу менен бул саясатчылар мекенине кайтып келишти. Бирок, тилекке каршы, алар тарыхтын сабагын түшүнүшпөптүр. Эгер коррупция ушундай деңгээлде өсө берсе, анда ооган эли толкуп, бизди жоопко тартат. Чет өлкө да биз үчүн жабык болуп калат".

Ооганстан коррупцияга батканы мурдатан эле белгилүү болчу. Анан эмнеге эми, кокустан эле, Карзай ага азыр көңүл бура калды? Анын себебин айрымдар Америкадан көрүшөт.

АКШнын Ооганстандагы мурдагы элчиси, азыр эми Бириккен Улуттaр Уюмунда АКШнын элчиси болуп турган Залмай Халилзад Ооганстадагы коррупция өсүп баратканын апта башында орун алган ооган жана америкалык ишкерлердин жыйынында баса белгилеп өттү.

"Өкмөт коррупцияны керектүү деңгээлде чектей албады. Президент Карзай акыркы жолу АКШга келгенде: “Менин командамда өзгөрүүлөр болот”,- деп убада берген, бирок бул алигиче иш жүзүнө ашырылбай келет. Дүйнө жүзү Ооганстандан үмүтүн үзө элек. Мындай мумкүнчүлүктү колдон кетирүүгө болбойт".

Дал ушундай эле сөздөр Карзайдын айрым мекендештери тарабынан да айтылган, бирок алар эларалык сахнада Халилзаддай абройлуу жана таанымал болушкан эмес. “Андыктан Карзай бул өңдүү сөздөргө кайдыгер мамиле кылып койгон”, - дейт Кабулдагы саясий серепчи Вадир Сафи.

"Ооганстанда Карзайдын саясий абалы туруктуу эмес. Мындай сөздөн кийин ал айрым реформаларды жасабаса, анда ал президенттик кызматта кала албайт. Азыр ал баардык тармактарда толук өзгөрүүлөрдү башташы керек".

Буга чейин, 2004-жылдын башында, полиция, сот системасы, улуттук аба байланышы жана социалдык камсыздоо тармактарында коррупциянын өтө өскөнү айтылып, Карзай атайын анти-коррупциялык Департаментти негиздеген. Эки жарым жылдан кийин, ал реформа өз максатына жетпегендиги байкалып, бүгүн Карзай жаңы кадамдарды жасоого аргасыз болуп турган кези.

XS
SM
MD
LG