Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

КОСОВОДО ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО БОЛУП ЖАТАТ


Косоводо бүгүн 17-ноябрда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү провинциянын болочок макамы боюнча талаштар уланып жаткан учурга туш келүүдө. Эларалык ортомчулардын катышуусундагы сүйлөшүүлөрдүн эмки айлампасы 10-декабрда өтмөкчү. Айрым маалыматтарга ылайык, провинциянын серб азчылыгына добуш берүүгө катышпоо кысымы көргөзүлгөн.

Бул өнөктүк 1998-99-жылкы жаңжал аяктагандан берки үчүнчү шайлоо. 25 чакты партиянын талапкерлери парламенттин 120 мандаты жана 30 жергиликтүү ассамблеяга ат салышып жатышат. Сурамжылоолор көзргөзгөндөй, оппозициядагы Косовонун демократиялык партиясы добуштардын ири бөлүгүнө ээ болушу ыктымал.

«Косовонун демократиялык партиясы өлкөнү башкарууга даяр. Партиянын мыкты долбоорлору бар, эл бизди колдойт, биз жеңебиз,» - деп билдирди шайлоо кампаниясы учурунда партиянын лидери Хашим Тачи.

Бийликтеги Демократиялык Лиганын жетекчиси, Косовонун президенти Фатмир Сейдиу болсо өз партиясына добуш берүүгө үндөдү:

«Добушту сиздер бересиңер, эң мыктыларга ишеним көргөзүү сиздердин колуңуздарда. Ким мыкты экенин, башка партияларды ким урматтаарын өзүңөр билесиңер», - деди Сейдиу Приштинадагы жыйында.

Шайлоо провинциянын эгемендүүлүгү тууралуу талаштар уланып жаткан маалда өтүүдө. Бейшембиде БУУнун Косоводогу убактылуу администрациясынын башчысы Йоахим Рюкер серб азчылыгына кысым көргөзүлүп, аларды добуш берүүгө катыштырбоо аракеттерине байланыштуу камтама билдирди.

«Кээ бир косоволук лидерлердин иш-аракеттери жана Белграддын билдирүүлөрү муну далилдейт», - деди Рюкер Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун туруктуу кеңешине кайрылып.

Улуттар Уюмунун өкүлү 6-октябрда Сербиянын өкмөт башчысы Воислав Коштуницага кат жолдоп, бардык улуттун өкүлдөрүнө шайлоо укугун камсыздоо тармагында кызматташууга үндөгөн.

Рюкердин ырастоосунда, премьерден жооп түшө элек. Косоводо албандар калктын 90 пайыздайын түзөт. Алар Сербиядан көз карандысыздык алуу аракетин көрүп келатышат. Белград болсо провинцияга эгемендик берүүгө карама каршы.
Эларалык арачылардын катышуусундагы сүйлөшүүлөр 10-декабрда жыйынтыкталууга тийиш. Азырынча Россия, АКШ жана Еврошаркеттен турган топ ийгиликке жете элек. Вашингтон эгемендүүлүктү колдосо, Москва ага каршы турумду ээлеп келатат.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бейшембиде Люблянада сүйлөгөн сөзүндө бул маселеде коркутуп-үркүтүүлөргө жол берилбеши керек деп билдирди:

«Биз ар бир бурчта эле Косовонун көз карандылыгынан, Иранды жазалоодон качып кутула албайбыз десек, эч нерсеге жете албайбыз. Коркутуулар, ар кандай билдирүүлөр менен кырдаалды мындан ары курчутуп жиберебиз», - деди Лавров.

Үчилтиктин өкүлү Вольфганг Ишингер топ сүйлөшүүлөрдүн эмки айлампасында Косовонун “нейтралдуу макамы” тууралуу сунуш киргизет деп билдирди. Бирок Сербия менен Косово сунушту четке кагышты.

Косовонун премьер-министри Агим Чеку 10-декабрдагы сүйлөшүүлөрдө мунаса табылбаса, провинция бир тараптуу түрдө эгемендүүлүк жарыялашы ыктымал деди.

Кээ бир жергиликтүү саясатчылар шайлоо Косово Сербиядан көз карандылык алгандан кийин өткөрүлүшү керек деп келишти. Башкалары болсо добуш берүү кечеңдеп калса, азыркы парламенттин легитимдүүлүгүнө шек келтирилет деп ырасташууда.

Рюкер болсо шайлоо демократияга салым кошот деген үмүтүн билдирди.

XS
SM
MD
LG