Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:58

ПУТИН: «БИРДИКТҮҮ ОРУСИЯДАН» БӨЛӨК КӨҢҮЛГӨ ТОЛОР ПАРТИЯ ЖОК


Орусиянын президенти Владимир Путин шейшембиде Красноярскиде жол куруучулар менен жолугушуп олтуруп, «Бирдиктүү Орусияны» өрнөк боло алгыс саясий түзүлүш деди. Ал партиянын көпчүлүк мүчөлөрү башын сайып коюп күрөшкүдөй анда туруктуу идеология жок. Ал бйиликке чукул турган партия, ошондуктан ага көптөгөн митаамдар кыпчылышып алышкан. Андай адамдардын түпкү максаты – элдин жыргалчылыгы эмес өзүнүн баюусу. Алар буга окшогон ишкердиктери менен бийликти жана партияны жаманатты кылат, деди.

Орусиялык лидер, өзү жетектеген «Бирдиктүү Орусияны» «туруктуу идеологиясы жок, көрүнгөн митаам кыпчылышат» деп сындаганы менен ошол эле жерде азыркы тушта андан өткөн өйдө партия да жок деген.

Декабрдын экиси күнү Мамдуманы шайлоодо эл «Бирдиктүү Орусия» үчүн добушун аянбаса, анда Путин аны, өзүнө карата жазалган ишеним катары баалай тургандыгын билдирген.

Анализчилер баамында муну менен президент «эгерде ал жетектеген партия жеңип чыкса анда 2008 жылдан кийинки бийликти да капталдан туруп өзү башкарууга болорун» кыйытып айтып атат. Бүгүкү Путиндин алдына койгон маслети – Мамдуманы шайлоодо көпчүлүктүн көөнүн таап, өзү милдетин алган партиясын жарыштан чыгарып, ага депутаттык орундун көпчүлүгүн алып берип, бирок ошондон кийин да аларды өкүмөт менен тутумдаш кылуу турат дешет.

Красноярскиде экинчи күнү, 13-ноябрде жол курулушунда иштегендер алдында Владимир Путин айткан кепке келсек, ал жерде ал:

- Эл мен тизмесин ачкан «Бирдиктүү Орусия» үчүн добуш берсе - атуулдардын мага ишеними бар экенин билдирет. Кийин ал мага Мамдума менен өкүмөттөн катуу талап кылууга моралдык жактан укук берет.

Санкт-Петербургдагы Европалык университеттин профессору Григорий Голосовдун айтканына караганда, муну менен Путин 2008-жылкы шайлоодон кийин да саясаттагы таасирдүү фигура болуп кала берерин билдирип атат. Аны күн мурунтан эң жогорку орунду талашкандар билип алышын каңкулап атат дейт.

«Бирдиктүү Орусиянын» алгалашында кандай мүчүлүш бар экенин Яблоко партиясынын Питердеги бөлүгүнүн жетекчилеринин бири Михаил Амосов айткан. «Өзгөчө мааниге жеке эле жетектөөчү рартиянын ишкердиги эмес оппозициянын болушу да кыйла мааниге ээ. Оппозиция Кремлдин админстрациясы уюштурган кодура партиялардай эмес өз алдынча табыйгы жаралган партиялык же кыймылдар күчтөрү болууга тийиш. Ал эми бийлик аркалаган партия оппозициядан коркконунан бийликти бүтүндөй жангыз ээлөөнүн амалын издөөдө дейт:

- Ырааттуулукту колдон чыгарбайбыз дешип ал партия («Бирдиктүү Орусия) Мамдумага өздөрүн «ай-уй!» деген болбосун дешип оппозицияны жолотпой атышат.

XS
SM
MD
LG