Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

АКШ МУШАРРАФТЫ ЧУКУЛ КЫРДААЛДЫ АЛЫП САЛУУГА ҮНДӨП ЖАТАТ


АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Негропонте Пакистан президентин шайлоо алдында өзгөчө кырдаалды алып салууга жана байистүү саясий күчтөр менен сүйлөшүү баштоого үндөдү. Первез Мушарраф чукул кырдаалды 2 жума мурун киргизген эле. Президенттин ырастоосунда, ал өлкөдөгү абал жакшырганда гана токтотулат.

Чукул кырдаал жарыялоо демонстранттарга каршы күч колдонуу менен коштолгон. Жүздөгөн саясатчы жана укук коргоочу активисттер камакка алынды.
Жекшембиде Исламабадда сүйлөгөн сөзүндө Негропонте мындай чаралар эркин жана адилет шайлоо деген түшүнүккө сыйбай турганын белгиледи:

- Эркин шайлоо саясий партиялардын, жарандык коомдун, маалымат каражаттарынын тоскоолдуксуз катышуусун талап кылат. Пракистан эли жетекчилерин эч кандай чектөөсүз тандоого укуктуу.

17-ноябрда Вашингтондун өкүлү Мушарраф менен жолугушуп, аны терроризмге каршы күрөштө маанилүү шерик катары сыпаттап, президенттин парламенттик шайлоону 9-январда өткөрүү убадасын кубаттады.
Ошол эле учурда Негропонте Мушаррафты куралдуу күчтөрдүн башчылыгынан кетүү сөзүн аткарууга чакырды.

Негропонте өзгөчө кырдаал киргизилгенден бери Мушарраф менен жолугушкан алгачкы америкалык расмий адам.

Ал ошондой эле оппозиция лидери Беназир Бхутто менен телефондон сүйлөштү.
Мамлекеттик депаратменттин өкүлү Мушаррафты мурдагы премьер-министр менен бийлик бөлүшүү сүйлөшүүлөрүн жандантууга үндөдү:

- Байистүү саясий күчтөрдүн тил табышуусу шайлоону ийгиликтүү өткөрүүгө жардам бермекчи. Акыркы күндөрдө араздашуу пайда болду, бул - саясий процесстин жаңылыш нукка бурулушуна алып келди.

Мушарраф менен Бхуттонун сүйлөшүүлөрү экс-премьерь чукул кырдаалга каршы массалык демонстрация өткөрөбүз дегенден кийин үзгүлтүккө учураган. Бхутто андан соң үй камагына алынган. Азыр ал бошотулганы менен сүйлөшүүлөрдү кайра жүргүзүүгө каршы болууда. Президент деле атаандашы менен түздөн-түз кездешүү ниетин билдирбей келатат.

Пакистандагы атын атабаган дипломаттардын айтымында, Негропонте өзгөчө кырдаал алынып салбаса, Пакистанга жардам кыскартылат деп кыйытты.

XS
SM
MD
LG