Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

19-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Советтер Союзунда жаңы киргизилген «Баaтыр эне» ардактуу наамы биринчилерден болуп кыргызстандык энелерге тапшырылган. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны 2003-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүлдү.

XIX кылымда уюшулуп, советтик мезгилде ишин улантып келген Фрунзе шаардык өрт өчүргүч командасы 1928-жылдын 19-ноябрында таратылган. Анын ордуна ыктыярдуу өрт өчүргүч дружинасы уюшулган. Мурдагы шаардык өрт өчүргүч команда ошол замат жаңы ыктыярдуулардын катарына катталган.


Айтылуу композитор Владимир Ференин «Кыргызстан» аттуу симфониясы 1947-жылдын 19-ноябрында Кыргыз филармониясында аткарылды. Автордун чыгармачыл максатына ылайык, симфонияда кыргыз калкынын өтмүшү, азыркы абалы музыкалык аспаптардын жардамы аркылуу чагылдырылган.

Советтер Союзунда жаңы киргизилген «Бaатыр эне» ардактуу наамы биринчилерден болуп кыргызстандык энелерге тапшырылган. Ысыккөл областынын Жетиөгүз районунун тургуну Телегей Усупбекова менен Ош областындагы Ноокат районунун колхозчусу Суксур Сейтбековалар «Баaтыр эне» наамын адеп баалашкан энелер болгон.

Фрунзе шаарында артиллеристтердин күнү 1944-жылдын 19-ноябрында айрыкча салтанат менен белгиленди. 20 артиллериялык эсептен салют атылып, шаардыктар бүтө турган согуш ийгилигинен демөөр алышты. Борбордук аянтта майрамдык салтанат уюштурулуп, «Спартак» стадионунда «Динамо» командасы менен Фрунзе шаарынын курама командалары ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттешүү өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытынын аныкталыш жаатында 1999-жылдын ноябрь айында Стамбул шаарында өткөн Европа коопсуздугу жана кызматташуу уюмунун саммити маанилүү роль ойногон. Саммит иши 19-ноябрда соңуна чыгып, кыргыз делегациясы Европа коопсуздугу жана кызматташуу уюму менен Ислам конференциясы уюму ортосунда масштабдуу пикир алмашуу демилгесин көтөргөн. Кыргызстандын демилгеси саммит катышуучулары тарабынан бир добуштан кабыл алынган.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны 2003-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүлдү. Жыйын күн тартибине 12 суроо коюлуп, Борбордук Азиядагы кырдаал, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун бюджети, НАТО менен мамиле сыяктуу маселелер талкууланды.

«Европа Биримдиги, АКШ, Кытай жана Россиянын Борбордук Азиядагы кызыкчылыктары» деген темадагы «тегерек стол» жыйыны 2003-жылдын 19-ноябрь күнү Бишкек шаарында өткөрүлдү. Айтегерек жыйынды Фридрих Эберт фонду менен «Седеп» изилдөө борбору уюштуруп, анын ишине таанымал саясатчылар, дипломаттар менен бирге Германиянын Кыргызстандагы элчиси катышты. Жыйын катышуучулары Борбордук Азия мамлекеттери жеке таасирлерин арттырыш максатында жалгыздап аракеттенип, анын натыйжасында ынтымакка келе албай жатышканы белгиленди.

Кыргызстандын президенти Аскар Акаев 2004-жылдын 19-ноябрында кийинки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди. Мамлекет башчынын Германияга жасаган расмий визитинин алкагында бул күнү ал Берлин шаарында орун алган «Немецкая волна» радиосунда маек курду. Радионун кийинки президенттик мөөнөт туурасындагы суроосуна ал, «мен кантсе да, болушунча иштедим. Жолду жаңы муунга, жаштарга бериш керек», деп жооп узатты.
XS
SM
MD
LG