Бүгүнкү талкууда БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов Шайлоо Кодексинин 77-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 10-октябрда президенттин жарлыгы менен кошумча киргизилген экинчи абзац чыр жарата турган норма экендигин белгиледи.
-Биздин мамлекеттеги облустардын бөлүнүшү, элдин саны ар кандай. Мисалга алсак Ош облусунда 489 миң шайлоочу жашаса, Талас облусунда 120 миң шайлоочу жашайт. Анан эки облустан бирдей элдин ишенимине татыш үчүн он үч миңден добуш аласың деген, албетте бул жеке менин өзүмдүн оюм, акылга сыйбаган иш. Бул барып келип атууладрдын ортосунда чыр жаратышы мүмкүн.
Акматовдун пикиринде саясий партиялар ар бир облус боюнча түзүлгөн тизме боюнча ошо аймактардан 0,5 пайыз добуштан алуу нормасы киргизилсе адилеттүүлүк болот эле.
БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул норма саясий партияларды чыңдоого мүмкүнчүлүк берип, эң мыкты партия шайлоочулардын республикалык тизмесинен 0,5 пайызына ээ болот деген ишенимде. Анын көз карашында, элдин көпчүлүк добушуна ээ болбогон орто заар саясий партиялар өздөрүнөн-өздөрү эле шайлоонун жарышынан четтейт.
Ал эми «Ата Мекен» партиясынын лидери Темир Сариевдин айтымында, бийликтин партиялык тизме боюнча жарым пайыздык чек койгону саясий чечим, буга чейин бул норманы жеңилдетүү боюнча парламенттин мурдагы 25 депутаты президентке кайрылышкан. Бирок алардын өтүнүчү президент тарабынан канааттандырылган эмес. Шайлоо боюнча бийликтин туура эмес чечиминин негизинде элдердин ортосунда тирешүү күч алышы толук ыктымал.
-Бийликтин туура эмес кабыл алган чечими элдерди бири-бирине кайраштырат. Ошол эле Таластын, Нарындын эли аз саны бар. Алар кандайдыр бир партияга добуш бербей койсо, мисалы ошол партия башка региондон 300-500 миң добуш алып, анан Талас, Нарындан өтпөй калса эки регион арасындагы кайрашуу, тирешүү пайда болуп калат. Бул азыркы бийликтин абдан туура эмес тайкы саясаттын жыйынтыгы деп эсептейм.
Сариевдин пикирин «Ар намыс» партиясынын лидери Эмил Алиев толук колдой тургандыгын билдирди.
-Эгерде ошол оппозициялык маанайдагы партиялар түндүктөн 40-50 пайыз добуш алып, анан түштүк регионунан алардын жолун жаап койсо, анда бийлик түштүк менен түндүктү бөлгөн болуп калат. Анан бул шайлоо бүткөндөн кийин бул маселе токтоп калбайт. Баягыда Байболов айткандагыдай, нааразы болгон эл көтөрүлөт дагы биз аларга кошулуп калабыз,-деди Эмил Алиев.
Шайлоо Кодексине ылайык тизмеге кирген шайлоочулардын добуштарынын 5 жана андан ашык пайызын алган саясий партиялар гана депутаттык мандат алат.