Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

КОСОВОДОГУ ШАЙЛОО АНЫН СЕРБИЯДАН БӨЛҮНҮП ЧЫГУУГА ЖАКЫН ЭКЕНИН ЫРАСТАДЫ


Сербиянын Косово провинциясында өткөн парламенттик шайлоодо, алдын ала маалыматтар боюнча, Хашим Тачи башындагы Косово демократтык партиясы жеңди. Хашим Тачи - премьер-министр болуп бекитилсе, 10-декабрдан кечиктирбей Косовону күнкорсуз мамлекет деп жарыялай турганын билдирди. Бул күнү Серб- Косово сүйлөшүүсүнүн арачылары АКШ, Евробиримдик жана Орусия БУУнун башкатчысына сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жөнүндө доклад жасаш керек. Сүйлөшүү майнапсыз бүтөөрү азыртан айтылууда.

Косоводо жекшемби күнү өткөн парламенттик шайлоодо, алдын ала эсептөөлөр боюнча, Хашим Тачи башындагы Косово демократтык партиясы - ПДК 35 процент добуш алганы маалымдалды. Косово демократтык лигасы - ЛДКны шайлоочулардын 22 проценти колдогон. Добуш берүүгө 1, 5 миллион шайлоочунун 45 проценти араң катышкан.

Жергиликтүү албан эрегишчилеринин мурдакы командири Хашим Тачи башындагы партиянын жеңиши- Косово өзүн Сербиядан күнкорсуз деп жарыялоо алдында турганын айкын кылды. “Биздин жеңишибиз менен жаңы кылым башталат”, деп билдирди Тачи жана 10-декбардан калтырбай провинция эгемен жарыяланат деди. ПДКнын орун басар төрагасы Хажредин Куки да партия Косовону эгемендикке алып барууга даяр экенин айтты:

- Косово демократтык партиясы өзгөрүүлөр үчүн ургаалдуу иштеди жана биздин партия кыязы өлкөнү келерки төрт жылда башкарчу биринчи партия болот.

ПДКнын шайлоодо жеңгени тастыкталган учурда да, өкмөттү жалгыз түзүүгө мандаты жетпейт. Андыктан, саясый серепчи Бэтон Хачю айткандай, ПДК маарага экинчи келген ЛДК менен ынтымакка барышы абзел:

-Буга чейин алардын мамилеси өтө татаал болгону менен, ПДК жана ЛДК коалиция түзөт деп ойлойм. Себеби, эки чоң партия мунасага келбесе, өкмөт курулбайт. Өкмөттүн түзүү үчүн тышкы иштер жана коргоо министрликтери, президенттик жана Приштинанын жергиликтүү өкмөтү боюнча макулдашуу зарыл. Ушул үч элемент боюнча келишим түзүлсө, калган иштер жеңил болот.

10- декабрда Сербия - Косово аралык сүйлөшүүлөрдүн арачылары АКШ, Евробримдик жана Орусия сүйлөшүүнүн натыйжасы жөнүндө БУУнун башкатчысына доклад жасайт. Ырасмий булактар бул сүйлөшүү ийгиликтүү бүтөрүнө ишенишпейт. Белград- Косово Сербиянын курамында калып, бирок кеңири автономияга ээ болуусун сунуш кылууда. Косовонун лидерлери эгемендиктен башкага макул эмес.

Евробримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүн Косово албандарынын лидерлерине кайрылып, көзкарандысыздыкка ашыкпоого чакырды. Косовонун эгемендигин АКШ колдоодо.

XS
SM
MD
LG