Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

ОШТО МЕНЧИК ТЕЛЕКОМПАНИЯЛАР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫН АТКАРБАЙ ЖАТАТ


Президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясы менен Оштогу "ОшТВ", "МезонТВ" телекомпанияларынын ортосундагы талаш-тартыш дале уланууда. Биринчиси мыйзамдын аткарылышын талап кылса, экинчи тарап улуттук маселени козгоп, талапка моюн толгогондугу байкалат.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесине ылайык өлкөдө жалпыга маалымдоо чөйрөсүндө негизги тил кыргыз тили болуп эсептелет жана менчигинин түрүнө карабастан телерадиокомпаниялар да өздөрүнүн программаларынын жарымынан көбүн мамлекеттик тилде алып барууга милдеттүү. Ошого карабастан, Кыргызстан Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү Алмагүл Тилекманованын айтымында, ОшТВ, МезонТВ телекомпаниялары берүүлөрүнүн 90 пайыздан ашыгын өзбек тилинде жүргүзүп, көпчүлүк жарандардын укугун бузууда.

- Бардык телерадиокомпаниялар менчиктин түрүнө карабастан өздөрүнүн берүүлөрүнүн жарымынан көбүн мамлекеттик тилде алып барат деп жазылып турат. Бизге келип түшкөн суроо-талаптар, арыз-даттануулар көбүнчө ушул маселе боюнча түшөт,- дейт Алмагүл Тилекманова.

Өлкөнүн түштүк борборунун прокуратурасы да бул маселени кеңири иликтеп, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын аткарылбай жаткандыгына көзү жеткенден кийин гана “ОшТВ”, “МезонТВ”, “Пирамида” телекомпанияларына эскертүү жасаган.

- Ош шаардык прокуратурасы тарабынан ”МезонТВ”, “ОшТВ” , “Пирамида” телеканалдары тарабынан мамлекеттин талаптары бузулуп жаткандыгына байланыштуу текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаардык прокуратурасы тарабынан талаптар келтирилген. Бул талапта негизинен көрсөтүлгөн телекомпаниялар менен түштүк регионалдык байланыш агенттиги менен түзүлгөн келишимдеги талаптар бузулуп жаткандыгы көрсөтүлгөн,- деп «Азаттыкка» билдирди Ош шаар прокурорунун жардамчысы Мамасалы Кошубаев.

“ОшТВ” телекомпаниясынын директору Халилжан Худайбердиев мамлекеттик органдардын тыянагын четке кагып, менчик маалымат каражаттары пайдалангыдай кыргыз тилиндеги материалдардын таңкыстыгы кендирди кесип жаткандыгын билдирди.

- Бул жерде 90 % алып барып жаткан көрсөтүүлөр өзбек тилинде болуп жатат деп жазылган. Бул документке далилдер жок. Маселен, жыйырма саат көрсөтүү берсек анын ичинде он сааты мамлекеттик тилде болсо, бир күндө он саат, бир жылда 3650 саат мамлекеттик тилде материал беришибиз керек. Аны биз кайдан алабыз. Мамлекеттик тилде документалдуу фильмдер, көркөм фильмдер, мультфильмдер болбосо,- деди Халилжан Худайбердиев.

Ал эми “МезонТВ” телекомпаниясынын жетекчиси Жавлон Мирзаходжаев тил комиссиясынын текшерүүсүн, прокуратуранын талабын кысымчылык катары эсептейт.

- Бизге тил боюнча келген комиссиянын чечимин прокуратурага жазган катына биз кошула албайбыз. Бул бир адамдын гезитке жазган сынчылыгы боюнча бизди сындаган болбойт деп эсептейм,- деди Жавлон Мирзаходжаев.

Ош мамлекеттик университетинин доценти, белгилүү тилчи-илимпоз Асамидин Аттокуров Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн, айталы, Казакстандын мисалында Кыргызстанда да мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында кечиктирилгис чараларды көрүү зарылчылыгы бышып жетилгендигин, мыйзамга баш ийбеген жетекчилерди административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин баса белгиледи.

- Демократиянын шарапаты менен түштүк регионунда бир топ радио, телеканалдар бар. Радио уктуруулардын жана телеканалдардын негизги программаларынын 60 пайызы мамлекеттик тилде болуш керек эле. Чындыгын айтсак 60 пайыз эмес 20 пайызга да жетпей жатат. Биздин коңшу Өзбекстан, Казакстан мамлекеттерде бул маселе абдан туура жолго коюлган. Эгерде мамлекет тараптан кандайдыр бир чара колдонулбаса, бул маселеден чыгып кетүү кыйын,- деди Асамидин Аттокуров.
XS
SM
MD
LG