Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

АЗАТТЫК ПЛЮС: МИТИНГ ЭРКИНДИГИ ЭМНЕ ҮЧҮН ЧЕКТЕЛҮҮДӨ?


19-ноябрда “Азаттык плюс” телепрограммасынын кезектеги чыгарылышы эфирге чыкты. Бул ирет “жарандардын эркин жыйналып, тынч митингдердин болушуна шек келген жокпу” деген теманын тегерегинде сөз козголду.

Нааразылык акцияларынын өтүшү, анын күңгөй тескейи жана азыркы тапта абакта жаткан Адилет Айтикеевдин тагдыры тууралуу пикирлер айтылды. Ал эми талкуу бөлүгүндө студент Нурлан Сазыков митингдерге жол берилбеши керек, бул экономикабызга, элдин аң-сезимине таасирин тийгизүүдө деп 82 көрөрмандан смс добуш алды. Ал эми атаандашы Жашылдар партиясынын жаш канатынын лидери Тилек Сыдыков, пикеттер өтүп турушу керек, бул демократиянын эң негизги белгиси, ар бир адам өз пикирин айтууга укуктуу деген пикир менен 93 смс ээси аталып, жеңүүчү аталды.

Ушул эле убакта көрүүчүлөр да 0(312) 666817 номерине телефон чалышып, талкуунун катышуучуларына добуш берүү менен “Азаттык плюс” телепрограммасы тууралуу пикирлерин билдиришти.

Атым Бекзат. Бүгүнкү тема мага абдан жакты. Адилет Айтикеев жана дагы үч баланын камалышына каршымын. Бул укук коргоо органдарынын мыйзам бузуусу деп ойлойм. Алар бул жол менен кыргыз элин, жаштарды коркутушууда. Азыр биз коркуп сүйлөөгө муктаж болуп жатабыз. Добушумду болсо жакшы аргументтерди айткандыгы үчүн Тилекке берем. Жакында өтө турган шайлоодо жаштар бийлике келээрине ишенеби, деген темада берүү даярдалса деген ойдомун. Ошондо кызык пикирлер айтылмак.

Нурлан: Мага талкуу бөлүгүндө сүйлөгөн Нурландын пикири жакты. Пикет, митинг, жол жабуулар өлкөнүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Анан дагы Турсунбек мырза абактагы төрт баланы куткарып чыгам дейт. 19-апрелден бүгүнкү күнгө чейин куткара албаган байкебиз эми кантип кутарат? Аракет кылып азыр деле чыгарып койбойт беле, апасын ыйлатпай. “Азаттык плюс” тууралу айтаарым, Бишкектин көчөлөрүнө тура калып сурамжылоо ала бербей, ар аймактардагы кабарчылар менен биргеликте берүүлөрдү даярдашса. Силерге убакыт да тарлык кылууда, ошол жагынан иш жүргүзсөңөр деген ойдомун.

Токтокан Надирова: “Азаттык плюс” программасы мага абдан жагат. Жаштардын пикирин оюндагыдай кылып айтышат. Мен сүйүү жөнүндө, мисалы: бала кызды ала качып кетсе, кыз баланы жакшы көрүшү мүмкүнбү деген сыяктуу суроолордун тегерегинде программаларды көргүм келет.

Асылбек: Программаны аябай кызыгуу менен көрөбүз. Бул эркин берүүлөрдүн бири деп айтаар элем. Эгер биз демократиялуу өлкө болуунун кааласак, ушундай карама каршылыктардан качпашыбыз керек. "Азаттык плюска" катышкан жаштар да өз ойлорун коркпой билдиришүүдө. Жаш муун, бул жол менен өз келечегине кам көрүүдө. Ушундай талаштардан акыйкат жаралат дээр элем.

Тагайкул Жакыпов. Пикеттер болуп турсун деген жигитке өз добушумду бердим. Жогорку деңгээлдеги адамдарга кирип оюңду айталбайсын. Пикет-митингдерде гана алар угушат экен. Ошондуктан мен нааразылык акцияларын колдойм. Программаны болсо турмушка жараша даярдап жатасыңар. Ар дүйшөмбүдө күтүп көрөбүз.

Түгөлбай Сейдалиев: Пикетке каршымын деген Нурландын оюн колдойм. Кандай иш болбосун сүйлөшүү жолу менен чечсе болот. Ар сайын көчөгө чыгып, кыйкырып, уруш-талаш менен аралашып жүрсөк кыргызга кайдан береке кут келет. Анан дагы ”Азаттык плюста” жалаң эле саясат эмес, билим жаатында дагы берүүлөр чыкса дейт элем.

Айжамал: Мен Тилеке кошулат элем. Бийлик элдик болгондон кийин, алардын наарызылык акциясына чыгууга мүмкүчүлүгү болуш керек. Демократия деп ошону түшүнсөк болот. Ал эми программадан болсо шоу-бизнес жаатындагы берүүлөрдү көргүбүз келет. Биз Илияс Абдразаковдун күйөрмандарыбыз, аны жакшы көрүп, сыйлайбыз. Суроолорубуз бар.

XS
SM
MD
LG