Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

ПАРТИЯЛАР ҮГҮТ ИШТЕРИНЕ КАНЧА АКЧА ЖУМШАЙТ?


Жогорку Кеңешке шайлоо алдындагы үгүт иштеринин башаталышына туура 5 күн калды. Учурда шайлоого катыша турган саясий партиялар үгүт материалдарын даярдоого камынып жаткан кези. Жарнак-көрнөктөрдү даярдоо менен алектенген агенттиктер, типографиялар үгүт материалдарын даярдоо боюнча заказдар түшө баштаганын айтышууда. Өз кезегинде үгүт иштерин чагылдыруу үчүн каттоодон өткөн ММКлар да бааларын тактап, БШКга өткөрүп беришти.

Жарнак тармагында иш алып барган адистердин айтымында, үгүт иштерин жүргүзүүдө жарнактардын эң эле эффективдүүсү болуп сыналгы, үналгы жана жарнак кермелер эсептелет. Жарнак такталарды бир айга ижарага алгыңыз келсе анын баасы 270 доллардан 670 долларга чейин. “Медиа принт” агенттигинин өкүлү Аня Ковалеванын айтымында, жарнактарды даярдоо жарнак такталарын ижарага алуудан бир кыйла арзан турат:

- 10 чарчы метрге чейинки кермелерди даярдасак 300 сом болот. Жарнак тактасынын ижарасы маселен Совет көчөсүндө айына бир айга 360 доллар. Үгүт иштеринин башталышына байланыштуу партиялардын өкүлдөрү кайрыла башташты. Жасоо мөөнөтү көлөмүнө жараша болот, бирок орточо эсеп менен 3-5 күндө бүтөт. Албетте үгүт иштеринин башталышына саналуу эле күндөр калды, ошону үчүн азыртан даярдап жатабыз, анткени бизге да убакыт керек да.

Жарнактарды жасоо мөөнөтү ар бир компанияныкы ар башка. Кээ бирлери бир күндө жасап беребиз деп убада кылышат.

БШКнын мүчөсү Көкүмбай Турусбековдун билдиргенине караганда, саясий партиялардын шайлоого сарптаган каражаты 100 млн сомдон ашпашы керек:

-Ар бир партинын шайлоо фондусунда 100 миң сому бар, алар ошону жарнакка жумшайбы, миңдеген баракчаларды чыгарабы өз эрки, бирок ошол суммадан ашпашы керек. Ошондой эле жарнактардын тексттери БШКдагы үгүттөөнү көзөмөлгө алган топ тарабынан тешкерилет. Жарнактарда көтөрүлүшкө, төңкөрүшкө чакырык кылган сөздөр болбошу керек. Шайлоого гана байланыштуу маалымат болуусу тийиш.

Бейрасмий маалыматтар боюнча саясий партиялар шайлоого 2-3 млн. долларга чейин жумшашат. Анын негизги бөлүгү дал ушул үгүт материалдарын даярдоого бөлүнөт. Ал эми партияларда 3 миллион сом каражат барбы деген суроо туулбай койбойт. Бул боюнча экономист Айылчы Сарыбаев “Азаттыкка” төмөндөгүчө пикирин айтты:

- Миллиардер-миллионерлер, кылмыш топторунун мүчөлөрү бар партияларда 3 миллион эмес, биздин эсеп боюнча 70 миллиондон 100 миллион долларга чейин каражат бар. Азыр алар чөмүчтөп, казандап чачканга мүмкүнчүлүк алышты. Эми ошол акчалардын бардыгы партиялардын акчасы эмес да. Бул- республикада төлөнбөгөн салыктар, казынадан уурдалган акчалар бийлик талашкан, бийлик тараптагы партиялардын колунда топтолуп калган. Ал эми элдик партияларда ошонун 10-20 пайызы болсо болот, болбосо жок.

Үгүттөө материалдарын даярдоодо ар бир партиянын артыкчылыгы, концепциясы ар башка болот. Маселен бири убадаларга артыкчылык берсе, экинчилери каражатын аябай талапкердин өмүр баянынан тартып келечектеги пландарына чейин жарыялашат. Айылчы Сарыбаев учурда өзгөчө элет жерине маалымат жетей жатканын айтат жана үгүт материалдары карапайым элдин саясий маданиятын, деңгээлин көтөрүүгө багытталса жакшы болмок деген ойдо.

Шайлоону чагылдырууну каалаган жана БШКдан каттоодон өткөн ММКнын саны 120дан ашуун. Алып карасак, басылмалар жана интернет сайттар арасында үгүткө көрсөтүлгөн баалар 3 жарым миң сомдон тартып 50 миң сомго чейин жетет. Телеканалдар арасында маслелен УТРКда үгүт жарнагынын 1 мүнөтү 400 доллар, областтык телеканалдар койгон баалар андан бир кыйла төмөн.

Шайлоонун үгүт өнөктүгү ММКлар үчүн капчыктарын кампайтып алуунун беш жылда бир келүүчү эн сонун учуру болуп саналат.

XS
SM
MD
LG