Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

К.БАЙБОЛОВ: ӨЛКӨДӨ ЗӨӨКҮР САЯСАТ ӨКҮМ СҮРҮП КАЛДЫ


16-декабрдагы кезексиз шайлоого катышып жаткан 22 саясий партиянын он бири Борбордук шайлоо комиссиясынын облустардагы 0,5 %дык босогону республикалык шайлоочулар тизмесинин эсебинен толтуруу боюнча чечимин жокко чыгарууну сурап, президент Курманбек Бакиевге кайрылышты. Бүгүн кечке чейин президент чечимди жокко чыгарбаса, мындан ары башка аракеттерди көрүү максатында партиялар кечинде кайрадан чогулган турат. Бул маселе боюнча шайлоого бараткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубатбек Байболов таңкы “Азаттыктын” суроолоруна жооп берген.

- БШКнын чечимин президент жок кылаарына ишеним барбы? Президенттик администрациянын юристи Бектур Зулпуев “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминде кынтык жок деп билдирди.

- Бул жетинчи кабаттан даярдалган жобо. Аны баардыгыбыз жакшы билебиз. Ар бир кыймыл-аракеттин баары макулдашылган нерсе. Андыктан бизде аны жокко чыгарып жиберет деген деле үмүт жок. “Атамекен” партиясы бул нормадан коркуп же чочуп кеткен жерибиз жок. Бирок, негизи туура эмес болуп жатпайбы.

- Кокустан колдоо таппай калса, бүгүн партиялар кайрадан чогулат деген кеп болуп жатат. Кандай аракеттерди максат кылып жатасыздар?

- Ал демилге биз тараптан чыккан жок. Айрым партиялар айтып жатат. Албетте, чогулуп кайрадан сүйлөшүш керек. Өлкөдө болуп жаткан зөөкүр саясат, өзүм билемчилик саясат, мыйзамды тебелеп тепсөө саясаты качанкыга чейин улана берет. Өлкө менчиктештириле элек да, али күнгө чейин жетинчи тарабынан. Мен маселен оюмда, тилегимде бул болуп жаткан эбегейсиз мамлекеттик бийликти тебелеп тепсеп, өзүм билемдик жасап, кызмат абалдан кыянаттык менен пайдалануу акыры жүрүп отуруп жоопко тартылыш керек.

- Сиздер шайлоо өнөктүгү башталгандан бери айтып келе жатасыздар. Административдик ресурстар абдан көп пайдаланып жатат деп. Бир топ мисалдарды келтирип, билдирүүлөрдү таратып жатасыздар. Ушул административдик ресурстан тышкары маселен калган оппозициялык партиялардын мүмкүнчүлүгү кандай болот? Баары бир поезд жүрүп баратат да.

- Миң жеринен мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн бүтүндөй колдонуп алганы менен “үтүргө” 0,5 % жабышып, чычалактык кылып чыр чыгып жатканга караганда булардын акыбалы деле анча эмес го сыягы. Себеби, эл бар, журт бар. Ар бир адамда намыс бар. Бирөөндө аз, бирөөндө көбүрөөк дегендей. Бирок, намыс менен уят ар бир адамда бар да. Ошондуктан басымга карабай уяты менен добуш менен берчү адамдар көпчүлүктү түзөт.

- Сиздерде, оппозицияда алдын ала кандайдыр бир иликтөөлөр барбы? Мүмкүнчүлүктөрдү, саясий күчтөрдүн тең салмактуулугун аныктоо боюнча.

- Албетте бар. Эгерде шайлоону дээрлик таза өткөрүүгө жетишсек. Биз аракет жасап жатабыз. Биздин партия дээрлик шайлоочулардын көпчүлүгүн алат. Эгерде бармак басты, көз кысты кылып, зордук зомбулук менен болсо.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG