Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

А.ДАУТАЛИЕВА: ҮГҮТ БАШТАЛБАЙ ЖАТЫП БИЙЛИК МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРГА ЖОЛ БЕРҮҮДӨ


Бир катар бейөкмөт уюмдар парламенттик чукул шайлоого катыша турган шайлоочулардын укуктарын коргоо боюнча жарандык комитет түзүп, ал кечээ алгачкы билдирүү менен чыкты. Бул демилгенин айланасында жарандык комитеттин мүчөсү, “Таза табийгат” бейөкмөт уюмунун лидери Анара Дауталиева “Азаттыкка” маек куруп берген.

- Жаңы түзүлгөн жарандык комитет эмне максатты көздөп жатат?

- Биз шайлоочулардын жарандын укугун коргоо комитетин түздүк. Бул референдумдун уландысы. Биздин комитеттин саясий кызыкчылыгы жок. Саясий максатын колдобойбуз. Биз жарандардын укугун коргойбуз.

- Ал комитетте канча мүчө бар, кайсыл бейөкмөт уюмдар кирген?

- “Таза табийгат”, “Кут дөөлөт”, “Достоинство” , “Интербилим” борбору жана башка уюмдар дагы кошулуп жатат биздин тарапка.

- Анара айым, бул комитет кечээ алгачкы билдирүүсүн таратты. Ушул күнгө чейин кандай мыйзам бузууларды каттап жатат. Айтылган билдирүүдөн да тышкары дагы мыйзам бузууларга кандайдыр бир аракеттер көрүлүп жатабы?

- Ооба. Биз ойлодук, мыйзам бузуулар болуп жатат. Республикага таасир берет. Биринчиси, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова мына дагы эки күн калды полномочиесин калтырабы же калтырбайбы. Конституциялык сот ант берет. Баекова ошол антты бузду. Бул аябай жаман нерсе. Экинчиси, 26-ноябрда башталмак бирок, биздин өкүлдөр айтып келип жатат. Бир фактыны. “Народная газета” дегендин биринчи чыгарылышы, 22-октябрда чыккан. Анан ошону жергиликтүү бийлик, администрация элге таратып, айтып жатат. Ушул эле партияга добуш бергиле, ушул эле партияны колдонгула деп. Бул дагы аябай чоң мыйзам бузуулук болуп жатат.

- Мисалы, бул уюм билдирүүлөр менен эле чектелеби же башка аракеттерди дагы жасайбы?

- Биз башка аракеттерди да жасайбыз.

- Сотко кайрылуу силердин укугуңарга киреби же кирбейби?

- Ооба, кирет. Биринчи Борбордук комиссиянын көзөмөлүнө беребиз. Анан сотторго кайрылабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG