Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

МАДАМИН КАРАТАЕВ: АЙЛЫК-АКЫНЫН АЗДЫГЫНАН БЫЛТЫР 614 ДАРЫГЕР КЕТИП КАЛГАН


Саламаттык сактоо министринин маалыматына караганда, учурда медицина тармагынан кетип жаткан дарыгерлердин саны өсүп кеткен экен. Бул тармактагы жана башка маселелер тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевди таңкы “Азаттык” кепке тарткан.

- Министрлик он айдын жыйынтыгын чыгарып, өкмөткө отчет бердиңиздер. Ошол жерде айтылган маалыматтарга караганда, адамдардын өлүмүнүн деңгээли анын ичинде кан айланууга байланышкан илдеттен набыт болгондордун саны өткөн жылдагы бойдон калып жатыптыр. Министрликте мунун себептерин аныктап, алдын алуу мүмкүн болбой жатабы.

- Бул негизинен бизде балдардын төрөлүшү, адамдардын санынын өсүшү жакшы эле. Бирок, энелердин өлүмү 59,3% га былтыркыга салыштырганда өсүп кеткен. Негизинен так маалыматтарды көбөйтүш үчүн биз азыр тактап жатабыз. Бул биринчиси. Экинчиси, бизге кош бойлуу энелер кеч кайрылып жатат. Көбү Орусияда, Казакстанда иштеп жүрүп алып жатышат. Баланын пайда болушундагы кандайдыр бир өтүшүп кетүүлөр болуп жатат. Бул боюнча бизде азыр профилактикалык иштер жүргүзүп жатат. Айрыкча кош бойлуу аялдарды, жаш балдары бар энелерге көбүрөөк көңүл буруу боюнча аракеттерди жүргүзүп жатабыз.

- Азыркы учурда Кыргызстанда иштеп жаткан дарыгерлердин саны кандай болууда. Элдин саламаттыгын тейлөөгө жетишип жатабы?

- Дарыгерлер жетпейт. Учурда Кыргызстанда 12 миң 617 дарыгерлер элди тейлеп жатат. Быйыл медицина окуу жайын бүткөн 638 дарыгерди жер-жерлерге жибердик. Көбүнчө үй бүлөөлүк дарыгерлер борборлорунда, баштапкы медициналык кызматтарда дарыгерлер жетишпейт келет.

- Ал дарыгерлерди даярдоо жагы кандай болуп жатат. Маалыматтарга караганда, медицина окуу жайынан дагы башка окуу жайларда адистерди даярдап чыгарып жатпайбы. Ошондой болсо да жетишпей жатабы?

- Алар жетиштүү. Биздин максат контрактык негизде бүткөн студенттерди биз мажбурлай албайбыз. Сен тигил жерге барып иште дегенге укугубуз жок болуп жаптайбы. Бирок, биз аны да айтып жатабыз. Бюджеттеги студенттердин санын көбөйтүш керек. Мисалы, быйыл медицина окуу жайына 180 адам бюджеттик бөлүмгө кабыл алынган. Кыргыз-Орус Славян университетинде болсо 20 эле адам кабыл алынган.

- Расмий маалыматтар боюнча, медицина тармагынан чет өлкөлөргө башка кесиптерге 400 гө чукул дарыгерлер кетип жатышыптыр. Бул ириде маянанын аздыгы менен түшүндүрүлүүдө. Адистерди сактап калуу чаралары жетишсиз болуп жатабы. Кандай чаралар бар?

- Былтыр 614 дарыгер кетип калган. Быйыл тактап жатабыз. Негизи бул айлык акынын аздыгынан жана шарттын жетишпестигинен. Былтыр депозитти киргизгенбиз. Айлык акыны көтөрүп жатабыз.

- Айлык маяна канча?

- Айлык маяна орточо эсеп менен баштапкы 2500 сомдун тегерегин түзөт.

- Эң чоң айлык алгандар кимдер?

- Орточо эсеп менен алганда стационарда иштегендер жана баштапкы медициналык жардамда иштегендердики беш-алты миңге чейин жетет.

- Куруп берген маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG