Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

22-НОЯБРДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1874-жылдын бу күнү дүйнөлүк илим коомчулугу кыргыздардын кебете-кешпири менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө жетишишти. Түркстан генерал-губернатордугу 1906-жылдын бу күнү Пишпек шаарында өкмөткө каршы революциялык чакырыктар өскөндүгүн билдирди.

1874-жылдын бу күнү дүйнөлүк илим коомчулугу кыргыздардын кебете-кешпири менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө жетишишти. Таанымал чыгыш таануучу А. Л. Кун даярдаган «Туркестанский альбом» жыйнагынын 4-томуна кыргыздардын антропологиялык жана этнографиялык түспөлү жарыяланып, ал илимпоздор чөйрөсүндө зор кызыгуу жараткан. Альбом адегенде Париждеги эларалык географиялык көргөзмөгө коюлуп, окумуштуулар аны менен жакындан тааныша алышкан.

Түркстан генерал-губернатордугу 1906-жылдын бу күнү Пишпек шаарында өкмөткө каршы революциялык чакырыктар өскөндүгүн билдирген жашыруун чечим кабыл алды. Жергиликтүү полициянын билдирүүсүнө караганда Пишпек шаарынын көчөлөрүнө бийликке каршы прокламациялар илинип, ал өз кезинде калктын маанайына терс таасир тийгизип баштагандыгы белгиленет.

Кыргыз мамлекеттик театрынын жумушчусу Александр Галкин, 1936-жылдын бу күнү көлөмдүү алтын жана күмүш казынаны тапкан. Ал Дзержинский көчөсүндө орун алган үй дубалын оңдоо маалында Екатерина II жана Александр I маалында чыгарылган алтын, күмүш монеталарды учураткан. А. Галкин табылганы мамлекеттик музейге өткөрүп берген. Фрунзе шаардык кеңеши жумушчунун адилет аң сезимин жогору баалап, ага 200 рубль сыйлык тапшырган.

Бириккен Улуттар Уюмунун атайын өкүлчүлүгү Шайлоо системасын жакшыртуу үчүн көмөк көрсөтүү максатында Кыргызстанга жасаган бир апталык сапары 2003-жылдын бу күнү соңуна чыкты. Уюмдун атайын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бланка Антонинаны президент Аскар Акаев кабыл алып, шайлоо системасын өнүктүрүү багытында Кыргызстан БУУ менен кызматташууга артыкчылык берээрин билдирди.
2004-жылдын бу күнү кыргыз прокуратурасынын уюшулушунун 80 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу датага байланыштуу Бишкектеги башкы прокуратура имаратында органдын тарыхына арналган музей ачылды.

Бу күнү, 1641-жылы англис парламенти королдун кыянатчылыгын айыптаган «Улуу демонстрацияны» кабыл алып, 1695-жылы Петр I дворян жаштарын чет өлкөгө жибере турган жардык жарыялап, 1963-жылы АКШнын 35-президенти Джон Кеннеди киши колдуу өлтүрүлүп, 1643-жылы француз окумуштуусу Робер де ля Салле, 1801-жылы атактуу тилчи Владимир Даль, 1819-жылы англис жазуучусу Джордж Элиот, 1890-жылы атактуу француз саясатчысы Шарль де Голль, 1904-жылы француз физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Луи Неель жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG