Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:05

ТҮРКМӨНСТАНДЫН КМШдагы ОРДУ ӨСҮҮДӨ


КМШ Түркмөнстанга келип атат, бирок Түркмөнстан КМШга кайтып барабы? Күнкорсуз Мамлекеттер шериктештигинин жыйыны Ашхабатта 15 жылдан бери биринчи жолу өткөнү жатканда мына ушул суроо көпчүлүктүн кызыгуусун туудурууда. Шериткештикке мүчө болгон мамлекеттерден бир гана Түркмөнстандын толук мүчөлүгү жок. Бирок жаңы президент бийликке келген өлкөдө 22-ноябрда башталып жаткан КМШнын өкмөт башчыларынын жыйынында күн тартибиндеги энергетика кызматташтыгынан башка да маселелер көтөрүлүшү ажеп эмес.

Түркмөнстанда КМШнын жыйыны акыркы жолу 1993-жылы өткөн эле.

Бүгүн башталып жаткан өкмөт башчыларынын чогулушун жаңы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун жетекчилиги астында Түркмөнстан түркмөнбашы Сапармурад Ниязовдун тушундагы узакка созулган изоляциядан чыгып жатышынын дагы бир белгиси деп саноого болот.

Жыйындын алдында түркмөн сыналгысында бул жыйынды өткөрүүдөгү Түркмөнстандын маанисине басым жасалды:

- Ниязовдун тушундагы "бейтараптуулук" саясатынан кийин Твркмөнстан КМШда азыр маанилүү жана иштиктүү рол ойноп жатат. Түркмөнстандын жана өлкө жетекчилеринин мындай конструктивдүү мамилесине жогору баа берилүүдө.

Жыйындын күн тартибинде КМШ өлкөлөрү арасында электр кубатын бөлүштүрүү, жүк ташуу жана бажы тартибин айкалыштыруу маселелери биринчи орунда турат. Бирок самиттин жыйынтыгы Бердымухамеддовдун эмне сөз сүйлөп, кандай ишарат жасаганы менен да бааланары анык.

Айрыкча анын премьер-министр Артур Расизаде баштаган Азербайжандын делегациясы менен алакасына айрыкча көңүл бурулаары күтүлүүдө. Каспий деңизиндеги талаштуу мунай кенине байланыштуу Ниязов менен Азербайжандын мурдагы президенти гейдар Алиевдин тушунда эки өлкөнүн алакасы суук-селки болчу. Бирок эки өлкөдө тең жетекчилик алмашкандан бери жаңы жана позитивдүү заман башталганына эки тараптан тең ишарат болууда.

КМШ жыйынынын чегинде Түркмөнстан менен Азербайжандын эки тараптуу жолугушуулары болоору алдын ала жарыяланды, Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташттыктын бекемделсе Каспийден мунай-газ ташуучу жаңы жолдун да багы ачылмак. Мындай жолду европалыктар чыдамсыздык менен күтүп жатышса, Орусия буга каршы экендиги маалым.

Ашхабаттагы жыйынтын тушунда бирок Түркмөнстан КМШга туруктуу кайтып келеби деген маселе көпчүлүктвн көңүл чордонунда болоору шексиз. Экс-президент Ниязов КМШнын самиттерине сейрек катышчу, ал эми өлкө шериктештикке мындан ары байкоочу гана болоорун 2005-жылы ал өкмөт башчынын орун басары кылып алган мурдагы жан сакчысы аркылуу айттырган болчу.

Ашхабад жыйынынын алдында КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев "Кызматташттыкка карай иштиктүү жана конструктивдүү мамилеси менен Түркмөнстан шериктештикте улам барган сайын күжүрмөн рол ойноп жатат" деп айтты. Бирок Бердымухамедов жакында Түркмөнстан Бириккен Улуттар уюму тааныган нейтралдуу өлкө макамынан баш тартууга планы жок экендигин билдирген. Буга караганда, Түркмөнстан КШМ өлкөлөрү менен кызматташтыгын күч алдырганы менен, шериктештикке толук мүчө болуп кирүүгө азырынча ниети жок шекилдүү.

XS
SM
MD
LG