Мындай маалыматты “Лица” басылмасы жазып чыкты. Белгилүү болгондой үстүбүздөгү жылдын июнь айында Равшан Жээнбековго мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп иштеген убагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып боюнча каржы полициясы кылмыш ишин козгогон. “Лица” гезитинин маалыматы боюнча мурдагы министрге август айында издөө салынган. Бул маалымат боюнча каржы полициясына кайрылганыбызда азырынча буга карата кандайдыр бир тастыктоо берүүдөн баш тартты. Ушул тапта АКШнын Масачусетс университетинде окуп жаткан Равшан Жээнбеков “Атамекен” партиясынын атынан парламенттик шайлоого баруучу талапкерлердин катарында катталган. (ZKo)