Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Ж.АКЕНЕЕВ: ТҮШТҮК КОРЕЯДАН МИЛЛИАРДДЫК ИНВЕСТИЦИЯ КЕЛЕТ


Кечээ премьер-министрдин милдетин аткаручу Алмаз Атамбаевдин Түштүк Кореяга расмий иш сапары аяктады. Делегациянын курамында расмий өкүлдөрдөн тышкары отуз алты ишкер барды. Алардын бири Түштүк Корея инвестициялык фондунун төрагасы, мурдагы айыл чарба министри Жумакадыр Акенеев таңкы “Азаттыкка” сапардын жыйынтыктары боюнча ой бөлүшкөн.

- Алмаз Атамбаевди жоон топ ишкерлер коштоп барган экен. Делагация экономикага пайда алып келгидей кандай макулдашууларга жетишти?

- Расмий сапар учурунда чоң-чоң жолугушуулар болду. Отуз алты ишкерди алып барганбыз. Чындап келгенде абдан жемиштүү иштер болду. Себеби, отуз алты ишкерлердин ичинен он төртү Түштүк Кореядан жакшы кызматташтарды тапты. Мисалы, айтып келгенде “Шоро” фирмасы өзүнө ылайыктуу жакшы компания тапты. Сүйлөшүп, буюрса эмки жумада алар бизге келип,”Шоро” компаниясы менен чогуу эркин зонада бир технологиялык жолдо иштемек болушту. Башкача формадагы бөтөлкөлөрү чыгаруу, жакшыртуу боюнча келишим түзүлдү. Андан тышкары “Акташ” деген фирма бар. Мурун акташ чыгарчу. Алар да Түштүк Кореялыктар менен чоң келишимге ээ болушуп, буюрса эмки жылдан баштап цемент чыгаруучу завод ачылмай турган болду.

- Көпчүлүк чет өлкөлүк ишкерлер Кыргызстанда инвестиция корголбойт, ички мыйзамдар татаал жана коррупция күчтүү деген дооматтарды айтып келе жатышпайбы. Бул маселе кореялыктар тараптан козголдубу? Сиз айтып жаткан макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Кыргызстан тарап кандайдыр бир милдеттемелерди алдыбы?

- Абдан катуу козголду. Корея өкмөтү менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда чоң келишимге кол коюлду. Инвестицияны коргоо боюнча келишимге кол коюлду. Мен ойлойм, анын негизинде Кореядан көп ишкерлер келет. Андан башка жаңы жылдан баштап туруктуу учак учмай болду. Бишкек-Сеул-Бишкек деген рейс ачылмай болду.

- Сиз Сеул сапарынын алдында Корея 1 миллиард доллар инвестицияны берүүнү убада кылып жатат дедиңиз эле. Кыргызстан тарап бул инвестицияны тартуу үчүн кандай конкреттүү сунуштарды берип жатат. Канча мөөнөттө келе турган каражат бул?

- Абдан чоң сунуштар болду. Алмаз Атамбаев “LD”, “Хундай” деген компаниянын жетекчилери менен жолугушуп, биз тарап менен корей жактан меморандумга кол коюлду. Бишкек-Торугат, Тамчыдагы аэропорт, Камбарата-1 ГЭСине катышабыз деген ойлорун да айтышты. Мен ойлойм, ошолордун баарын кошуп келгенде миллиарддан ашык да болуп кетиши мүмкүн инвестициялардын көлөмү. Кореялык 2-3 ишкер биз менен Кыргызстанга келишти. Эмки жумадан тартып алар келе башташат. Бул иштер эмки жылдан баштап ишке аша баштайт.

- Алар иликтөө үчүн эксперттик деңгээлде келип жатышат да анда?

- Сөзсүз. Президенттин алдында инвестициялык кеңеш ачылган. Ал жактан да катышышат. Бул эми мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөөчү иш болуп жатат. Мен ойлойм буюрса инвесторлор жакшы маанай менен келишет.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG