Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

ПАРТИЯЛАР ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫНА ӨЗ ӨКҮЛДӨРҮН СУНУШТООДО


22-ноябрда райондук, шаардык шайлоо комиссияларына жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө саясий партиялардын өз өкүлдөрүн сунуштоо мөөнөтү аяктайт. БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн билдиргенине караганда кайсы партиянын өкүлдөрү шайлоо комиссиясына киргизилгендиги тууралуу так маалымат 25-ноябрда билинет. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы саясий партиялар шайлоо комиссияларына өкүлдөрүн сунуштоодо жоопкерчилик менен мамиле кылбай жатышканын айтышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Мырзабек Аргымбаев мурдагы шайлоолордон айырмаланып, мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоодо участкалык шайлоо комиссияларынын курамы коомдук жана жарандык уюмдардын өкүлдөрүнөн эмес, саясий партиялардын өкүлдөрү жана шайлоочулардын чогулушунан сунушталгандардан түзүлөрүн билдирди. Анын айтымында, райондук, шаардык шайлоо комиссиясы, участкалык шайлоо комиссиясы төрага, анын орун басарынан жана жети мүчөсүнөн, же шайлоочулардын санына карата он бир адамдан куралат.

- Негизинен төрага,орун басары жана жети мүчөсү болушу керек. Эгерде шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмеси көп болсо тогуз, же он бир адамдан турган шайлоо комиссиясын түзсө болот. Алардын ар бирине милдет тагылат. Бирөө маркировка кылса, бирөө тизме боюнча, дагы бирөөсү бюллетень таратат. Мисалы, шайлоо комиссиясы тогуз адамдан турса алардын үчтөн бир бөлүгү саясий партиядан болот.

Мырзабек Аргынбаев белгилегендей учурда жер жерлерде шайлоо комиссияларына саясий партиялардын өкүлдөрү жана шайлоочулардын чогулушунан сунушталгандарды каттоодон өткөрүү мөөнөтү 22-ноябрда кечинде аяктайт.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова саясий партиялар шайлоо комиссияларына өкүлдөрүн сунуштоого анчейин маани бербей жатканын айтты.

Шайлоо Кодекси боюнча шайлоо комиссияларынын курамына жарандык уюмдардын өкүлдөрү эмес, саясий партиялардын өкүлдөрү киргизилет. Жакында коалициянын сасяий партияларга кайрылганыбыздын себеби, шайлоо участкаларына өкүлдөрүн активдүү киргизүүсүн эскерттик. Болбосо партиялар бул иш чарага анчейин маани бербей жатышат. Биз тажрыйбабыздан билебиз. Шайлоо учурунда бийликтин бурмалоого аракети күчөп кетерин башыбыздан өткөрүп келатабыз. Ошондуктан партиялар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө өздөрүнүн өкүлдөрүн киргизиши керек. Шайлоо өткөн соң, шайлоо комиссиясы туура эмес иштеди, анти-минтти деген токонаалат сөз кылышат. Эгерде канчалык саясий партиялар комиссиянын курамына өз мүчөлөрүн көп киргизсе шайлоону фальцификация кылганга катыресе бөгөт болот,- деди Динара Ошурахунова.

«Социал-демократтар», «Эркиндик», «Асаба» жана башка бир катар партиялар өз өкүлдөрүн шайлоо комиссияларына сунуштаганын билдиришти. «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Элегия Мусаеванын айтымында, саясий партиялар өкүлдөрүн шайлоо комиссияларына мүчөлүккө канчалык көп сунуштаса, шайлоонун акыйкат өтүүсүнө кадыресе салымы тийет.

БШКнын маалыматына караганда мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүгө 2264 шайлоо участкасы, 56 райондук жана эки шаардык шайлоо комиссиялары түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG