Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58

БШК ҮЧ ПАРТИЯНЫ КАТТООДОН БАШ ТАРТТЫ


23-ноябрда кечке жуук Борбордук шайлоо комиссиянын жыйыны болуп, анда беш партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо маселеси каралды. Анын жүрүшүндө «Таза коом», Клара Ажыбекова жетектеген Кыргызстан коммунисттер партиясы, Ооганстан жана жергиликтүү согуштарга катышкандардын партиясынын тизмесин каттоого алуудан Борбордук шайлоо комиссиясы баш тартты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 23-ноябрдагы жыйынында «Ар намыс», «Таза коом», «Партиясыздардын Аалам партиясы», Коммунисттик партия жана Ооган жана башка жергиликтүү согуштарга катышкан ветерандардын партиясынын тизмесин каттоо маселеси каралды.

БШКнын мүчөлөрү алгач «Ар намыс» партиясынын 100 талапкерден турган тизмесин көп чатаксыз каттоого алды. Болгону партиянын ыйгарымдуу өкүлү Эмил Алиевге тизмеге киргизилген 6 кишиге кылмыш иши козгон фактысы боюнча Жылдыз Жолдошева суроо берди. Ага Эмил Алиев соттолгондук гана талапкер болууга жолтоо болоорун айтып, ал эми кылмыш ишин козголушу тосмо боло албайт деп жооп берди.

БШКнын калган мүчөлөрү да ушундай пикирде болуп, бир добуштан «Ар намыс» партиясынын тизмеси каттоого алынды. Андан кийин «Таза коом», «Партиясыздардын Аалам партиясынын» тизмеси каралып, алар дагы каттоого алынды.

Маселе Клара Ажыбекова жетектеген Коммунисттик партиянын тизмесин тактоо учурунда чыгып, БШКнын мүчөсү Болот Малабаев Коммунисттик партиянын тизмесинде Кодекстин талаптарына жооп бербеген учурлар бар экенин ачыктады:

- Сиздердин тизмеңиздер боюнча, 23, 24, 25, 26, 27 катардагы беш талапкер катары менен эркектер экен. Кодекстин талабы боюнча ар бир төртүнчү талапкер башка жыныстагы адам болуш керек эле. Бул мыйзамдын талабын бузуу. Ошондуктан Коммунисттик партиянын тизмесин каттабоо сунушун ортого койом.

БШКнын айрым мүчөлөрү Коммунисттик партия Кодекстин талапкерлердин 70 % ашууну башка жыныстын өкүлү болбош керек деген талабы аткарылганын, маселен, бул партиянын тизмесинде 40% ашууну аялдар экени айтып чыкты.

Бирок, БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү мыйзамдын талаптары бузулбашы керек деген пикирде болуп, андан соң Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы маселени добуш берүүгө койду:

- Сиздердин кошумча сунуштар менен Коммунисттик партиянын тизмесин каттоого алуудан баш тартуу боюнча токтом долбоору добушка коюлат. Экөө - каршы, калганы - макул. Коммунисттик партияны каттоого алуудан баш тартылды.

Андан кийин БШКнын мүчөлөрү каттоого алынган «Таза коом» партиясынын тизмесинде да ушундай катачылыктарга орун берилгенин айтып чыгышты.

Натыйжада кайра добуш берүү менен «Таза коом» партиясынын катталуусу жокко чыгарылды. Ошондой эле генерал Абдыгул Чотбаев жетектеген Ооган жана жергиликтүү башка согуштарга катышкан ветерандардын партиясынын тизмесинде да Коммунисттик партиянын тизмесиндегидей катачылыктар орун алганы аныкталып, ал партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон да БШК баш тартты.

Катталбай калган партиялардын кээ бир өкүлдөрү кандайдыр бир катачылыктар болгонун айтса, башкалары Кодекстин талаптары түшүнүксүз болгонун белгилешти.

Катталбай калган үч партиянын ичинен экөөсүнүн өкүлдөрү (коммунисттердин жетекчиси профессор Клара Ажыбекова жана "Таза коом" партиясынын өкүлү, академик Абдыганы Эркебаев) БШКнын чечимин туура эмес деп эсептешээрин жана БШКны сотко беришээрин "Азаттыкка" жума күнү кечинде маалымдашты.

БШК 25-ноябрга чейин дагы 15 партиянын тизмесин каттоо маселесин карашы керек.

(Сүрөттө - БШКнын төрайымы Клара Кабилова).
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG