Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

МАГАТЭде БҮГҮН ТАЛКУУЛАР АЯКТАЙТ


Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин жетекчилиги бүгүн Ирандын ядролук программасына байланыштуу жаңы докладды талкуулоону аяктайт.Документте Тегеран өкмөтү өзүнүн мурдагы ядролук изилдөө иштери тууралуу жетиштүү маалыматтар бергени, бирок эл аралык коомчулуктун талабына карабастан уран байытканын токтото электиги, атүгүл бу багыттагы иштерин кеңейтип жатканы белгиленет.

Быйыл августта МАГАТЭ менен Иран “кызматташуу планын” түзүп,Тегеран уюмду күдүктөнткөн бардык суроолорго жооп бергенге милдеттенген. Ошол убадасын аткарып, Иран өткөн аптада өзүнүн атом программасына байланыштуу кең-кесири маалыматтарды, атүгүл уран байытууда керектелип жаткан технологияларды кайдан жана кантип сатып алганына чейин баяндап, МАГАТЭге бир таңгак документ өткөрүп берген эле. “Өткөн эки айдагы ийгиликтерибиз Иран менен кызматташууну кеңейткенге мүмкүнчүлүк ачты”,- деп айтты ал-Барадей өз докладында.Ошону менен бирге ал Иранга калган башка проблемалар боюнча маалыматтарды даярдап,аларды жыл этегине чейин МАГАТЭге берүүнү,бул үчүн ыкчамыраак иштөөнү сунуш кылды.

МАГАТЭнин башчысы буга кошумчалап, эл аралык коомчулуктун,баарыдан мурда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин талаптарына карабастан Иран дале уран байытуу ишин улантып жатканын,атүгүл анын чөйрөсүн кеңейткенге жетишкенин да белгиледи. Докладда мындан тышкары ядролук технологияларды Тегеран аскери максаттарга пайдаланып жатканы жөнүндөгү күмөн-күпүр сөздөрдүн дале бир жаңсыл башы ачылбай калганы, Иран айрым ишканаларына эл аралык инспекторлорду киргизбей, аларды жоон топ илимпоздор менен жолуктурбай койгону айтылды.

Тегерандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Ашгар Солтани өз кезегинде Ирандын атом программасы өңчөй жайчылык максаттарга багытталганын кайталап, бардык маалыматтар чып-чыргасына чейин МАГАТЭге берилгенин белгилеп, ошондуктан “иран маселесин” жабууну талап кылды. “Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кийлигишүүсү токтолууга тийиш, бу канчалык тез болсо,ошончолук жакшы”,- деп айтты ал.

Бирок АКШнын өкүлү Ирандын маалыматтары жетишсиз экенин,анын үстүнө уран байытканын улантып жатканын көрсөтүп, Тегеранга каршы санкцияларды күчөтүүнү сунуш кылды. Бу сунушту Британия,Франция жана Германия колдошту. Директорлор кеңеши талкууну бүгүн аяктайт. МАГАТЭнин доклады эми Коопсуздук Кеңешине берилет.

XS
SM
MD
LG