Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

КЛОН


Илимпоздор адамды клондоштуруу багытында дагы бир кадам жасаган чакта, БУУнун Башкы ассамблеясы клондоонун бардык түрүн токтотууга үндөдү. Бир катар бейөкмөт уюмдардын аракеттеринен улам, ВИЧтен дарылоо курсу 70 чакты өлкөдө мурдагыдан 3 эсеге арзандады.

2003-жылы белгилүү Долли деген кой сүт эмүүчүлөрдөн биринчи болуп клондолгон. Ошондон бери уй, мышык, чычкандар клондолуп келет.
Жакында америкалык окумуштуулар макаканын сөңгөк клеткаларын клондоого жетишти. Бирок бул – маймылды маймылдан клондоо болуп эсептелбейт.
Эксперименттин максаты – жаңы терапевтикалык техниканы адамга ылайыкташтыруу. Илимпоздор Паркинсон же Алцгеймер өңдүү илдеттерди жабыркаган органдарды жаңы, клондолгон клеткаларга алмаштырып, айыктырса болот дешет. Бирок бул үчүн адамдын түйүлдүгүнөн алынган сөңгөк клетканы клондош керек, - дешет изилдөөчүлөр.

Биологиялык репродукция борборунун кызматкери, Шухрат Миталиповтун ырастоосунда, андай иштер жүргүзүлө баштады. Адамды клондоо көптөн бери талаш-тартыштарды жаратып келатат. Кээ бир динаятчылар муну жаратканга жакпаган иш деп сыптатташат.

ВИЧ инфекциясын дарылоо арзагандаганы менен, жүрөк оорусу, диабет, астма өңдүү өнөкөт илдеттерге каршы колдонгон дарылардын баасы өнүгүп келаткан жана жакыр өлкөлөрдө кымбат бойдон калууда. Бир катар бейөкмөт уюмдардын аракеттеринен улам, ВИЧтен дарылоо курсу 70 чакты өлкөдө мурдагыдан 3 эсеге арзандады. Бул жөнүндө Dartmouth Medical Schoolда иштеген доктор Роберт Штайнбрук жазат.

Ал эми башка ооруларга каршы дары-дармектин баасын арзандатыш үчүн дарыгер Клинтон Фондунун ыкмасын сунуш этет. СПИДке каршы күрөшүп келаткан фонд фармацевтикалык фирмалардан ири көлөмдөгү медикаменттерди арзан баага сатып алып жүрөт.

“Өнөкөт илдеттерден жабыркаган адамдар дары-дармек сатып ала албай, кээ бир учурларда үзүл-кесил дарыланып жүрүшөт. Инфаркт болгондон кийин же кан көтөрүлүп кетсе гана дары ичишет. Өзүн жакшы сезсе эле, анын үстүнө акчасы аз болсо, көпчүлүгү дары ичүүнү токтотушат”, - дейт Штайнбрук.

Дүйнөлүк саламаттыкты саактоо уюмунун маалыматына ылайык, өнөкөт илдеттерден көз жумган адамдардын саны улам көбөйүүдө. Оорулуулар жакшылап, туруктуу дарыланса, бул санды азайтса болот, - дейт дарыгер.
XS
SM
MD
LG