Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

ОН ЭКИ ПАРТИЯ ПАРЛАМЕНТКЕ АТСАЛЫШАТ


25-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларды каттоону аяктады. Баш-аягы болуп 12 партия БШК элегинен өттү. "Мекен" (Адилет министрлигинен каттоодон өткөн аты "Родина"), «Ак жол» партияларынын талапкерлерин каттоо учурунда БШК мүчөлөрү ортосунда катуу талаш-тартыштар чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясы 25-ноябрда эки жыйын курду. Алгач БШК «Замандаш», "Мекен" ("Родина"), «Жаңы мезгил» жана «Жаңы күч» партияларынын тизмесин карап, анда «Замандаш» партиясынын тизмесин каттоодон баш тартып, «Жаңы күч» партиясын каттоого алды. "Жаңы мезгил" партиясы болсо, шайлоого баруудан өзү баш тартты.

"Мекен" («Родина») партиясынын тизмеси боюнча талаш-тартыштар чыгып, ал маселени кароо БШКнын кечки жыйынына калтырылды.

Кечке жуук Борбордук шайлоо комиссиясы «Ак жол», «Туран», «Эл добушу», «ЭрК», Дыйкандар жана фермерлер партияларынын тизмесин карады. Жыйын башында алгач "Мекен" («Родина») партиясынын тизмеси боюнча маселеге токтолду. Партиянын тизмесиндеги кемчиликтер тууралуу БШКнын мүчөсү Дамир Лисовский буларды атады:

- Мына азыр эле кайрылууларды алып келишти. Бир катар адамдар бул партиянын атынан шайлоого талапкер катары катышуудан баш тартууда. Андан сырткары Паспорттук-визалык кызмат болсо бул партиянын 16 талапкеринин башка өлкөнүн да жараны болуш мүмкүндүгүн айтууда.

"Мекен" ("Родина") партиясынын мүчөлөрү булар жоктон табылган кагаздар экенин, маселен, нотариустан бекитилбегенин айтышты. Ага карабай БШК партияны каттабоо чечимин кабыл алды.

Андан кийин БШК «Ак жол» партиясынын тизмесин кароого киришти. Бул партиянын тизмесин кароодо эки маселе чыкты. Анын биринчиси - курултай бекиткен тизменин катарынын өзгөрүшү, экинчиси - Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын талапкер болууга укугу барбы деген маселеге байланыштуу болду.

«Ак жол» партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Элмира Ибраимова Чолпон Баекова убактылуу ишин токтотуп тураарын билдирди.

«Ак жол» парртиясынын тизмесинин өзгөрүүсү да талаш-тартыш жаратты. «Ак жол» партиясынын 10-ноябрда болгон курултайында бекитилген тизмеде алтынчы катарда Асылбек уулу Дамир турган.
Бирок кийин БШКга берилген тизмеде анын ордуна тизменин орто ченинде турган Кубанычбек Исабеков которулган. Ушундай эле маанидеги дагы үч-төрт өзгөрүүлөр болгон. «Ак жол» партиясынын төрагасынын орун басары Автандил Арабаев курултай тизмени өзгөртүүгө саясий кеңешке укук берген деген жүйөөнү айтып чыкты.

БШК мүчөсү Жеңиш Акматов курултай жашыруун добуш менен бекиткен тизмени саясий кеңештин өзгөртүүгө укугу жок эле, бул мыйзамга жатпайт деп белгиледи. Бирок буга карабай «Ак жол» партиясынын талапкерлеринин тизмеси БШКнын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен катталды.

Андан кийин «Туран», «ЭрК», «Эл добушу» партияларынын тизмеси каттоого алынды. Ал эми Дыйкандар жана фермерлер партиясы 500 миң сомду күрөөгө койбогондуктан каттоого алынган жок.
Ошентип 25-ноябрда каттоо иштери соңуна чыкты. Анын жыйынтыктары тууралуу БШКнын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков буларды айтып берди:

- Бүгүн каттоо бүттү. Катталган партиялар: «Ата мекен», Кыргызстан коммунисттери (Масалиев), «Арнамыс», «Аалам», «Эркиндик», «Асаба», Социал-демократиялык партия, «Жаңы күч», «Ак жол», «Эркин Кыргызстан», «Эл добушу», «Туран» - ушул он эки партия бүгүнкү күндө каттоодон өттү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG