Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:46

АВСТРАЛИЯДАГЫ ШАЙЛООДО ӨЛКӨ СОЛГО БУРУЛДУБУ?


Австралиянын өкмөтүн 11 жыл башкарган Жон Ховард кечээки шайлоодо жеңилгенин мойнуна алды. Ошону менен борборчул-солчул Жумушчу партиясынын лидери Кевин Раддын (Kevin Rudd) бийликке келишине жол ачылды.

Австралиянын Батыштагы ынтымакташтары жана өлкөнүн Азиядагы коңшулары Кевин Радды премьер-министр болушу менен куттукташууда.

Рад 24-ноябрь, ишембиде консерватор өкмөт башчысы Жонн Ховарддын үстүнөн ишенимдүү жеңишке ээ болду.

Рад шайлоочуларга Ирактан австриялык аскерлердин калганын чыгарып кетүүгө убада кылган, ошого карабастан, Британия менен Кошмо Штаттары аны жеңиши менен куттукташты.

Иракта азыр 550 австралиялык аскер турат.

Соңку эсептөөлөргө ылайык, Жумушчу партиясы 54 пайыз, ал эми Ховарддын Либерал-улуттук коалициясы 46 пайыз добуш алды.

Сиднейдеги баш-кеңсесинен сүйлөгөндө Ховард өз лагеринин утулушу үчүн жоопкерчиликти толугу менен өзүнө алып, Раддга жакшылык тиледи.

Кевин Рад 150 орундуу парламенте 83 орунду камсыздай алгандыгы кабарланууда, өкмөт түзүү үчүн 76 орун жетиштүү болчу.

Ал эми 68 жаштагы Жон Ховард парламенттеги өз ордунан да айрылып калат окшойт.

50 жаштагы, кытай тилинде эркин сүйлөгөн мурдагы дипломат Кевин Рад Ирактан аскер чыгаруу менен катар, абанын ысышына каршы багытталган Киото протоколуна кол коюга сөз берген.

Жаңы премьер дароо ишке киришип, шайлоонун эртеси эле өкмөт өкүлдөрү менен бул протоколго кол коюунун жол жобосун талкуулады.

Сүрөттө: Кевин Рад (Kevin Rudd)

XS
SM
MD
LG