Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:16

Ж.АКМАТОВ: БШКнын “МЕКЕН” (ВАТАН) ПАРТИЯСЫН КАТТООДОН ӨТКӨРБӨӨ ЧЕЧИМИНЕ КАРШЫ ДОБУШ БЕРДИМ


Маектешкен Аманбек Жапаров БШКнын мүчөсү Жеңишбек Акматов БШКнын кечээги отурумунда каттоодон өтпөй калган партиялар тууралуу кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде азыноолак кеп куруп берди.

- Жеңишбек мырза БШКнын кечээги отурумунан кийин алдыдагы парламенттик шайлоодо он эки саясий партия ат салышаары маалым болду. Ошол партиялардын ичинен “Мекен” (Ватан), “Акжол” партияларын каттоодо комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда катуу талаш тартыш болуптур, ошол талаш туудурган жагдайдын себебине токтоло кетсеңиз?

- Эми “Мекен” (Ватан) саясий партиясынын проблемасы бул ошол тизмедеги он алты кишинин Кыргыз Республикасынын жараны деген маалыматты Ички иштер министрлигинин паспорттук кызматы тактап бере албаганынын кеспетинен улам каттоодон четтетилип калды. Бирок мен бул чечимге өзүмдүн каршы добушумду бердим. Себеп дегенде, Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү мыйзамдын 8-беренесинде “эгерде ал жөнүндө башка маалыматтар болсо дагы, Кыргызстандын президентинин жардыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкты деген акты болмоюн, Кыргыз Республикасынын жаранынын башка өлкөнүн жарандыгы таанылбайт”,- деп ачык, даана жазылып турат. Бирок ага карабай менин коллегаларым кечээ он алты адамды тизмеден чыгарып койду. Ошол он алты адамдын арасында эң кызыгы, Нарын облусунун мурдагы губернатору, Эл өкүлдөр жыйынынын мурдагы депутаты, Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү, кыргыз элине таанымал инсандардын бири Шамшыбек Медетбековдун жүргөндүгү. Жана дагы бир эже кечээ өзү келип биздин Борбордук шайлоо комиссиясынын үч мүчөсү тастыктап берди, бул эжени 26 жылдан бери билебиз, Бишкекте жашап эмгектенип жүрөт дешип. Бирок ошол эженин дагы жана башка адамдар боюнча эч кандай маалымат жок деген паспорттук виза кызматынын катынын негизинде ушул партия шайлоодон четтетилди. Бул албетте туура эмес чечим болуп калды. Себеп дегенде, ошондой эле каттар башка кээ бир партияларга да келген.Бирок биз ал партияларга келгенде ал каттарга көңүл бурбай койдук. Мен кечээ башка партияларга келген каттарды да окуганда, "бул каттарды эмне үчүн ал партияларда көтөргөн жокпуз?" деп төрагага маселе койдум. Бирок ал суроом төрага жана башка коллегаларым тарабынан жоопсуз калды.

- Жеңишбек мырза, “Ак жол” партиясынын тизмелерди орун алмаштыруусуна жол бергенине карабай БШКнын айрым мүчөлөрү колдоп кетти”,- деп нааразы болгондор да бар.

- Эми сиздер өзүңүздөр жакшы билесиңер. Шайлоо Кодексинде шайлоочулардын талапкерлердин тизмеси партиянын курултайында жашыруун добуш берүү жолу менен аныкталат деп жазылып турат. Бирок кечээ БШКнын отрумунда белгилүү болгондой “Ак жол” партиясынын курултайында түзүлгөн талапкерлердин тизмеси курултайдан кийин партиянын саясий кеңешинин чечими менен өзгөртүлдү, деп партиянын төрагасынын орун басары билдирди. Мен буга да каршы болдум.

-Рахмат маегиңизге!.

XS
SM
MD
LG