“Калемгер” адабий клубу жалпы жазмакерлерге мыкты аңгемелер жана пьесалар үчүн жарыялаган сынак уланууда. Кыргыз адабиятын жандандыруу максатында уюшулган сынакка жаш жагынан чек коюлбай,республика боюнча баардык акын-жазуучулар катыша алышат. Сынактын жыйынтыгында тандалып алынган чыгармалардан турган “Булак 3 аңгемелер” топтому жана “Булак 2” пьесалар топтому жарык көрмөкчү.
Ушул күндөрү өлкөнүн жогорку окуу жайларында “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу фестивалы жүрүп жатат. Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялган бул фестивалдын жобосуна ылайык башка улуттук өкүлдөрү кыргыз тилиндеги чыгармалардан аткарып, өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Фестиваль декабрь айынын башында катышуучулардын жыйынтык концерти жана сыйлыктарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталат.
29-ноябрда улуттук филармонияда Эл аралык “Руханият” ассоциациасынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган салтанаттуу кече болот. Анын алкагында ассоциацианын ишмердүүлүгүн баяндаган китептердин бет ачаары жана көркөм өнөр чеберлеринин концерти өтөт.
Жума соңунда Бишкекке Франциядан бийчи Лоранс Левассер жана Германиядан “Кокоданс” бий тобу келет. Четтен келген бийчилер кыргыз бий өнөрпоздору менен биргеликте улуттук опера жана балет театрында “Петрушка” балетин көрсөтүшөт.