Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

АВСТРАЛИЯ: САЯСАТТЫН БАГЫТЫ АКШдан АЛЫСТАЧЫДАЙ


Кошмо штаттардын президенти Жорж Буш эл аралык өнөктөштөрүнүн дагы бирин жоготту. Австралияда ушул ишемби күнү өткөн парламенттик шайлоодо азыркы премьер- министр Жон Ховарддын партиясы жеңилип калды. Шайлоодо утуп алган Лейбористтик партиянын лидери Кевин Радд өлкө саясатына олуттуу жана Вашингтон үчүн сезилерлик өзгөрүүлөрдү алып келери күтүлүүдө.

Быйыл жашы 68ге караган Жон Ховард оңчул-борборчул манайдагы Либералдык партиянын лидери катары Австралиянын өкмөтүн 12 жылга жакын жетектеди.1974 –жылдан бери парламент депутаты, 1996-жылдан бери премьер-министр эле. Эгер, азыр шайланса премьер- министрликке бешинчи мөөнөткө бармак. Австралия экономикасы акыркы 17 жылдан бери өсүү гана үстүндө. Анткен менен анын Либералдык партиясы бул жолку шайлоодо оппозициядагы Лейбористтик партияга утулуп калды. Лейбористтер 53%, либералдар 47% добуш топтоду.

Соңку жылдары Жон Ховард эл аралык иштерде АКШнын, өзгөчө президент Жорж Буштун саясатынын кызуу колдоочусу болуп келди. "Нью-Йорк Таймс" гезитинин жазганына караганда, ал Ак үйгө жана Жорж Буштун Техастагы ранчосуна Британиянын мурдагы премьери Тони Блэр жана Иорданиянын падышасы Абдалла Экинчиден кийин эле көп барган жогорку даражалуу коноктордун бири эле.

Лейбористтердин шайлоодо жеңип чыкканы анык болгондон кийинки алгачкы маалымат жыйынында Кевин Радд президент Жорж Буш куттуктап телефон чалганын жана Кошмо Штаттарга келерки жылдын башында иш сапары менен барарын белгиледи. Анткен менен баяндамачылар мурдагы дипломат, кытай тилинде эркин сүйлөгөн Кевин Радд өлкөнүн тышкы саясатына өзгөрүү алып келерин күтүшүүдө. Жекшемби күнү болочок премьердин өзү буларга токтолду:

- Бул келечек жөнүндөгү шайлоо болду, бизде келечектин күн тартиби бар. Муну натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бизге мыкты команда керек. Мен алдыдагы бир нече күндү команданын курамын аныктоо үчүн сарптайм.

Күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн бири – Ирактан австралиялык аскерлердин чыгарылышы. Австралиянын Иракта жалпысынан 1000ден бир аз ашуун жоокери бар. Болочок өкмөт алардын түздөн-түз аскерий иштерге тартылган 550сүн алып кетүүнү көздөөдө. Ал эми жоокерлердин аскерий эмес, маселен дипломаттардын коопсуздугун кмсыздоо өңдүү иштер менен менен алектенген калган бөлүгү Иракта калчыдай. Балким, Ирактан чыгарылган сандагы аскерлер кайра Ооганстанга жиберилиши ыктымал.

Шайлоодо жеңилип калган премьер- министр Жон Ховард кезинде аскерлерди Иракка өлкөдөгү ири нааразылык акцияларына карабай жөнөткөн болчу.

Австралиянын жаңы өкмөтү саясаттын багытын АКШныкынан алыстаткан экинчи кадам - өлкөнүн Киото протоколуна кошулуусу болуусу мүмкүн. Булганыч газдардын абага бөлүнүш өлчөмүн кыкартууну караган бул документке АКШ сыяктуу эле Австралиянын буга чейинки өкмөтү да экономикалык себептерди жүйөө кылып ратификациялабай келген. Кевин Раддын Лейбористтик партиясы ага кошулууну убада кылууда. Эгер Австралия бул эл аралык келишимге кол койсо, "Нью-Йорк Таймс" гезитинин жазганына караганда, өнөр-жайлуу өлкөлөрдөн ага кошулбаган жалгыз эле АКШ калат.

Австралиянын болочок премьери ошондой эле Азиядагы коңшулары менен да алканы чыңдоону көздөп жатат. Өзгөчө Вашингтон Австралиянын Кытай менен алакасына байкоо салчыдай. Кытай - Австралиянын ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Ал Пекин менен мурдараак эле жакындаша баштаган. Кытай президенти Ху Цзиньтао шайлоодо жеңилип калган премьер Жон Ховарддын учурунда демократиялык эмес өлкөнүн Австралия парламентинде сөз сүйлөгөн алгачкы лидери болгон эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG